АБСОРБЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:28, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБСОРБЦИЯ (лат. absorptio - соруу, сиңирүү) г а з д ы н – газ аралашмасынан газды же бууну суюктуктардын сиңирип алышы. Сиңирүүчү суюктук абсорбент, сиңирүүнүн тескери процесси десорбция деп аталат. Суюктук газды сиңирип алса эритме пайда болот. Десорбция процесси эритмелерден газдарды бөлүп алууда жана абсорбентти мурунку таза абалына келтирүүдө колдонулат. Ар бир абсорбент (мис., суу, метанол, суюк азот, этаноламиндин, металл карбонаттарынын, к-талардын жана жегичтердин суудагы эритмелери) белгилүү гана заттарды сиңире алат. Ошондуктан А. газдардын аралашмаларын бөлүүдө жана тазалоодо пайдаланылат. Негизги өнөр жай процесстери, мис., азот, күкүрт к-таларын алуу (суунун N02, S03тү сиңирип алышынан), соданы өндүрүү, өнөр жайдан чыккан газдарды зыяндуу аралашмалардан (күкүрттүү суутек, күкүрттүү ангидрид, көмүртек оксиди, көмүр кычкыл газы ж. б-дан) тазалоо А-га негизделген. А. абсорберлерде жүргүзүлөт. А. физ. жана хим. (хемосорбция) болуп бөлүнөт. Хемосорбцияда сиңирүүчү суюктук менен сиңүүчү газдын ортосунда хим. реакция жүрөт.