АДВОКАТ
АДВОКАТ (лат. advocatus – чакырамын) – жеке адамдарга ж‑а юрид. жактарга (консультация, соттолуучунун таламы үчүн өкүлдүк кылуу), айыпталуучуну коргоого адистешкен укуктук жардам берүүчү адис. А‑тык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы бар жарандар А. болуп эсептелет. Лицензияны жогорку юрид. билими бар, бир жылдан кем эмес юрид. иш тажрыйбага ээ ж‑а атайылап кылмыш жасап соттолбогон КРдин жарандары Юстиция министрлигинин атайын түзүлгөн комиссиясынын экзаменинен ийгиликтүү өткөн адам гана алууга укуктуу. Мындай лицензияны прокуратурада, ИИМде, УККда, Сотто, Президентинин администрациясынын, Премьер‑министринин аппаратынын, КР ЖКнын юрид. бөлүмдөрүндө беш жылдан кем эмес иштеген кызматкерлерге, КР ЖКнын депутат‑юристтерине экзамен тапшыруусуз эле берилет. A‑тар ж‑а алардын жардамчылары мамл. кызматта болуусуна жол берилбейт, ошону м‑н бирге аларга окутуучулук, ил. ж‑а башка чыгармачыл иш жүргүзүүгө уруксат. А‑тын өз кардары м‑н жашырын баарлашуусун камсыздай турган кесиптик А‑тык сыры болушу мүмкүн. Аны сактоо – А‑тын, о. эле мамл. органдардын, үчүнчү жактардын мыйзамдуу милдети. А. коргоочунун же өкүлдүн милдетин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон жагдайлар б‑ча күбө катары суракка алынбайт. А‑тык сырды түзгөн маалыматтар жарандык, адм. ж‑а кылмыш‑жазык процесстеринде далил катары пайдаланылышы дагы мүмкүн эмес.
Ч. И. Арабаев.