АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫГА БИРДЕЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:38, 3 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫГА БИРДЕЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ – 1948‑ж. 10‑декабрда БУУ­нун Башкы ассамблеясы тарабынан адам укуктарынын негизги мыйзамы катары кабыл алын­ган эл аралык документ. Декларациянын жоболору көп өлкөлөрдүн конституция ж‑a мый­замдарына киргизилген. Ал кириш бөлүмдөн ж‑а 30 статьядан турат. Декларациянын бирин­чи эки статьясында адамдын расасы, жынысы, тили, дини, улуту, саясий ж. б. көз карашта­рына карабастан эркиндигин ж‑a теңдигин жа­рыялаган. 3–21‑статьяларында экон., социал. ж‑a маданий укуктары, 28–30‑статьяларында ар бир адамдын коомчулук алдындагы милдетте­ри тууралуу айтылат, о. эле декларациядагы адам укуктарын ишке ашырууга багытталган коомдук ж‑a эл аралык шарттар бекитилген. «Декларацияда ар бир адамдын кадыр‑баркын, теңдигин, укугун таануу эркиндиктин, адилет­тиктин ж‑a бүткүл дүйнөдөгү тынчтыктын не­гизи болот» деп жарыяланган. Декларацияда ар бир адам жашоого, эркиндикке, керт башы­на эч кимдин кол тийбестигине укуктуу экендиги көрсөтүлүп, алар анын башка жоболорунда да толукталган: «Эч ким кулчулукка же эрксиз абалда болбоого, бирөө тарабынан кыйноого же адамдык беделди кемсинтүүчү ырайымсыз, ка­таал мамилеге, жазага кириптер кылынбоого, зомбулук м‑н кармалбоого, куугунтукталбоого тийиш». Адамдын жеке ж‑a үй‑бүлөлүк турму­шуна, турак жайына, кат жазышуунун жашы­рындуулугуна эч кимдин тийүүгө укугу жок, ар бир адам ар‑намысы м‑н беделин коргоого укуктуу ж‑a ал адилет сот тарабынан корголууга тийиш, о. эле адамдын саясий, жарандык укуктары, эркиндиги ж‑дө да айтылган. Алар: ой­-пикирдин эркиндиги, динге ишенүү‑ишенбөө, каалаган динди тутуу, көз караштын эркиндиги ж‑a аны эркин билдирүү, чогулуш өткөрүүгө, бирикме, союз түзүүгө, ар бир адамдын жалпыга тең, жашыруун добуш м‑н шайлоого, өз өлкөсүнүн башкаруу ишине катышууга, бир жактан экинчи жакка көчүп барууга ж‑a жа­шоо үчүн өзүнө жер тандоого, баш калкалоого, жарандуулукка, мүлк күтүүгө укуктуу. Декларацияда көрсөтүлгөн адам укуктарынын барды­гынын негизинде тең укуктуулук принциби жатат. 10‑декабрь жыл сайын адам укуктарынын күнү катары белгиленет.
М. Т. Артыкбаев, Н. К. Алиева.