АГЛОПОРИТ
Jump to navigation
Jump to search
‒ жеӊил бетон үчүн майда көӊдөйчөлүү жасалма толтургуч. Ал чополуу тектерди (куймалуу чопо, чополуу кум, л¸сс сымал чопо) ж-а сланецтүү көмүрдү казуудан, ылгоодон, күйгүзүүдөн калган таштандыларды (күл, шлак) 1400‒1500°С темп-рада иштетүү аркылуу алынат. Мында көзөнөкчөлүү жеӊил катмар пайда болот ж-а ал муздаганда майдаланып, шагыл м-н кумга айланат. А-тен үйдүн негизги жөнөкөй тосмолору, жылуулук өткөрбөөчү толтургучтар үчүн констр-лар ж-а констр.-жылуу лук өткөрбөөчү бетон (анын орточо бышыкты гы 20‒30 МПа) даярдалат.