БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ
Jump to navigation
Jump to search
– 1991-ж. 8-декабрда Беловежа токоюндагы (Беларуссия) «Вискули» өкмөттүк резиденциясында Россиянын жана Украинанын Президенттери Борис Ельцин менен Леонид Кравчук, о. эле Беларуссиянын Жогорку Советинин төрагасы Станислав Шушкевич тарабынан кол коюлган келишим. Б. м. СССРдин эл аралык укуктун субъектиси катары өз жашоосун токтоткондугу ж-дө билдирген жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлгөндүгү жарыяланган.