ГОТВАЛЬД
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022_2vol>KadyrM тарабынан жасалган версия
Клемент (23. 11. 1896, Вишау, Австро-Венгрия – 14. 3. 1953, Прага) – чехословакиялык революционер, мамлекеттик, саясий ж-а партиялык ишмер. Чехословакия Коммунисттик партиясынын лидери, Чехословакиянын премьер-министри ж-а президенти. 1908-ж. Венада столяр кесибине ээ болуп, төрт жылдан кийин Социал-демократиялык жаштар кыймылынын катарына кошулган. Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Австро-Венгрия армиясынын артиллериялык бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн, кийинчерээк ал Италияда ж-а Бессарабияда кызмат кылган; согуштун аягында орустарга багынып берген. 1918-ж. Чехословакия түзүлгөндөн кийин, Социал-демократиялык партиясынын сол канатынын лидери болгон. 1921-ж. Готвальддун тобу Чехословакия Коммунисттик партиясына кошулуп, өзү словакиялык партиянын «Элдин үнү», андан кийин «Правда» гезиттеринин редактору болуп иштеген. 1925-жылдан Чехословакия Компартиясынын Борбордук Комитетинин саясий бюросунун мүчөсү ж-а Борбордук Комитетинин мүчөсү, 1926–29-ж. Чехословакия Компартиясынын Борбордук Комитетинин Борбордук саясий ж-а пропагандалык комитетинин башчысы, 1929-жылдан Чехословакия Компартиясынын Борбордук Комитетинин Генералдык секретары, 1929–48-ж. Чехословакия Парламентинин депутаты, 1935–43-ж. Коминтерндин секретары. 1938-ж. фашисттер Чехословакияны бөлүп алгандан кийин, ал СССРге эмиграцияланган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда ошол жерде калып, Чехословакиядагы жашыруун топтор м-н радио байланышын түзгөн. 1939–45-ж. Чех коммунисттик каршылык көрсөтүү кыймылынын лидерлеринин бири (Москвада). 1943-ж. Чехословакиянын эмиграциялык өкмөтүнүн башчысы Э. Бенеш Москвага келгенде, Готтвальд м-н бир нече жолу жолугуп, сүйлөшкөн. Готвальд Кошицеде түзүлгөн Улуттук фронттун өкмөтүнүн курамына кирип, өкмөттүн төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 1945–53-ж. Чехословакия Компартиясынын төрагасы, 1945–46-ж. вице премьер-министр, 1946–48-ж. Чехословакия өкмөтүнүн премьер-министри (Улуттук фронттун өкмөтү), 1948–53-ж. Чехословакиянын Президенти болуп иштеген.