ГОТВАЛЬД
Клемент (23. 11. 1896, Австро-Венгрия, Вишау – 14. 3. 1953, Прага) – чехословакиялык революционер, мамл., саясий жана партиялык ишмер. Чехословакия Коммунисттик партиясынын лидери, Чехословакиянын премьер-министри жана Президенти. Биринчи дүйнөлүк согушта Австро-Венгрия армиясынын катарында кызмат өтөгөн. 1918-ж. Чехословакия түзүлгөндөн кийин, Социал-демократиялык партиясынын сол канатынын лидери. 1921-ж. Г-дын тобу Чехословакия Коммунисттик партиясына кошулуп, өзү словакиялык партиянын «Элдин үнү», андан кийин «Правда» гезиттеринин редактору болуп иштеген. 1925-жылдан Чехословакия КП БКнын саясий бюросунун мүчөсү. 1926–29-ж. Чехословакия КП БКнын саясий жана пропагандалык комитетинин башчысы, 1929-жылдан Чехословакия КП БКнын Генералдык секретары, 1929–48-ж. Чехословакия Парламентинин депутаты, 1935–43-ж. Коминтерндин секретары. 1938-ж. фашисттер Чехословакияны бөлүп алгандан кийин, СССРге эмиграцияланган. 1939–45-ж. Чех коммунисттик каршылык көрсөтүү кыймылынын лидерлеринин бири (Москвада). 1943-ж. Чехословакиянын эмиграциялык өкмөтүнүн башчысы Э. Бенеш Москвага келгенде, Г. менен бир нече жолу жолугуп, сүйлөшкөн. 1945–53-ж. Чехословакия КПнын төрагасы, 1945–46-ж. вице премьер-министр, 1946–48-ж. Чехословакия өкмөтүнүн премьер-министри (Улуттук фронттун өкмөтү), 1948–53-ж. Чехословакия Президенти болуп иштеген.