АМАНБАЕВ Жумгалбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022_2vol>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (1945,  Нарын  обл.,  Жумгал  р-ну,  Чаек  кыш. – 2005,  Бишкек) – партиялык  ж-а  мамл.  ишмер.  Айыл  чарба  илимд.  кандидаты(1970). 1966-ж.  К.  И.  Скрябин  атн.  КАЧИни  бүтүргөн.  Эмгек  жолун  1966-ж.  Тянь-Шань мал  чарба  тажрыйба  станциясында  зоотехник  болуп  баштаган.  1967–70-ж.  Кыргызстан  мал  чарба  ж-а  ветернария  ил.  из.  ин-ттунун  аспиранты,  улук  ил.  кызматкер.  1971–73-ж.  Ош  обл.  мамл.  асыл  тукум  станциясынын  директору.  1973–74-ж.  Кырг-н  КПнын  Ош  обл.  комитетинин  а.  ч.  бөлүмүнүн  башчысынын  орун  басары,  бөлүм  башчысы.  1978-ж.  Алай  р-ндук  партиялык  комитеттин  1-секретары,  1981-жылдан  Ош  обл.  партиялык  комитетинин  секретары,  1985–88-ж.  Кырг-н  КП  БКнын  секретары,  1988–91-ж.  Ысык-Көл  обл.  партия  комитетинин  1-секретары,  1991-ж.  Кыргызстан  КП  БКнын  1-секретары.  1991-ж.  октябрдан  Кыргыз  агроөнөржай  экономикасынын  ил.  из.  ин-ттунун  директорунун  орун  басары,  1993-жылдан  КРдин  Өкүмөтүнүн  вице-премьер  министри.  Эмгек  Кызы  Туу,  “Ардак  Белгиси”  ордендер  ж-а  медалдар  м-н  сыйланган.