АКМОЛО ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:05, 6 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АКМОЛО ОБЛУСУ Россия империясынын курамына кирген Сибирдеги Кыргыз облусу. Өз алдынча адм.-айм. бирдик болгон. Батыш Сибирдин түш.-батышында жайгашкан. 1868-ж. 21 (2. 11)-октябрда түзүлгөн.  Борбору – Омск ш. Батыш  Сибирь (1868–82) ж-а Талаа (1882–1917) генерал-губернаторлуктарынын курамына кирген. Уезддери: Акмоло, Ат-Басар, Көкчө-Тоо, Омск, Петропавловск. Аянты 582,9 миң км2. А. о-на 1860-ж. Европадан келген дыйкандар активдүү отурукташа баштаган. Дан эгиндерин өндүрүүнүн (Сибирь казактары ж-а дыйкандар товар м-н камсыздап турушкан) негизги аймагы. Өнөр жай өндүрүшү начар өнүккөн. А. о-нда 20-к-дын башында завод-фабрикада  иштеген жумушчулардын саны болгону 5,5 миңди түзгөн. Облустун соодасы жайма базарларда (19-к-дын аягында соода жүгүтүүсү 5 млн рубль) жүргүзүлгөн. А. о-нун аймагынан Батыш Сибирь  т. ж. өткөн. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында өкмөт  казак калкын тылдагы жумуштарга күчтөп салып турушкан. Ошонун негизинде 1916–17-ж. О. Азия көтөрүлүшү чыккан     1918-ж.      Омск облусу аталган. А. В. Колчактын өкмөтү мурунку атын кайтарган. Сибирь революция комитетинин токтому м-н 1920-жылдын 3-январында А. о. жоюлуп, анын негизинде Омск губерниясы түзүлгөн. Калкы 1,1 млн (1925). А. ч., көчмөн мал чарбачылыгы, көчмө ж-а ички жайма базарлары (Кызыл, Ат-Басар) ж-а соодасы өнүккөн. А. г-сы 1928-ж. 17-январда жоюлган.