АЛИМБЕКОВ Акматали

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(9. 12. 1957-ж. т., Ош обл., Өзгөн р-ну, Кандава айылы) – педагог. Педагогика илимд. доктору (2010), проф. (2009), кыргыз этнопедагогикасынын көрүнүктүү изилдөөчүсү. Жалал-Абад пед. окуу жайын (1977), ОшМУнун педагогика ф-тетин бүтүргөн (1980). ОшМУнун педагогика ф-тинде  окутуучу (1980-1995), ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, Азыркы Кыргыз билим берүү  академиясында ага ил. кызматкер, педагогика бөлүмүнүн башчысы, директордун биринчи орун басары (1995–2000), Кыргыз-Түрк «Манас» ун-тинде окутуучу (2001), 2012-жылдан баштап аталган ун-ттин педагогика кафедрасынын башчысы. Эмг.: Организация этнопедагогических экспедиций в педвузе. Б.,1987; Эстетическое воспитание в кыргызской народной педагогике. Б.,1988; Кыргыз этнопедагогикасы (окуу программасы). Б., 1993; Кыргыз этнопедагогикасы: Окуу куралы. Б., 1996; Педагогиканын кээ бир айрым маселелери. Б., 1998; Кыргыз элинин билим берүү салттары. Б., 2001; Мугалимдик кесипке киришүү. Б., 2002.