АВТОРДУК ЭКЗЕМПЛЯР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
  – автордук келишимге ылайык, авторго (анын мураскоруна) басмакана тарабынан акысыз негизде берилген китеп басылмасынын экземпляры (нускасы). Адабий чыгарманын биринчи басылышында 10 А. э. берилет. Кайра басылып чыккан учурда авторлордун санына карабастан 2 экземпляр берилет. Которулуп басылып чыккан чыгарманын авторуна, сүрөтчүлөргө, график сүрөтчүлөрүнө ж-а музыка авторлоруна А. э.-дын аз саны берилет.  Учурда А. э. ушундай эле тартипте жүргүзүлөт.