АСЕМ БУЮМДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:32, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСЕМ БУЮМДАР– I) зергерчиликте көркөмдөлүп жасалган кооз буюм. Алтын, күмүш ж. б. металлдан жасалып, бетине асыл таш (алмаз, бермет ж. б.) чөгөрүлөт. Аларга сөйкө, шакек, билерик, желбирөөч, топчу, төөнөгүч, чолпу ж. б., о. эле шөкөттөлгөн ат жабдык, жоо-жарактары, аңчылык буюм ж-a музыкалык аспаптар кирет; 2) Кол өнөрчүлүктөгү көркөм жасалга. Боз үйдүн ички-сырткы жасалгасы, үй буюмдары, ат жабуу, улуттук кийим-кече ж.б-га көркөм оюмдар, түшүрүлүп саймаланып, о. эле тигүү өнөрүндө зер жипчелер колдонулуп, кооздолуп жасалат. Мис., боз үйдүн эң мыктысы – ак өргөөнүн кийизин бордоп, ак чополоп ж-a сөөктүн гүлү м-н агарткан. Ак тыбыттан кийиз жасап, сыртын ак кездеме м-н каптап, ичине чыгдан тартылбай, от жагылбай, аялга ж-a эркекке таандык асем буюмдар коюлган. Учурда борбор шаарыбыздагы элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн «Кыял» бирикмеси ж-a элдик чеберлер жасаган А. б. чет мамлекеттерге экспорттолуп, кыргыз элинин чеберчилик өнөрүн дүйнөгө таанытууда.