АСАНОВ ДАЙЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСАНОВ Дайыр (30. 5. 1922, азыркы Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Баш-Кайыңды айылы – 18. 9. 2009, Бишкек) – Сов. Союз. Баатыры (1943), генерал-майор (1994). Ульяновскидеги танкалык окуу жайын (1945), Ташкенттеги танкисттердин жогорку окуу жайын (1947), Москвадагы В. И. Ленин атн. аскердик-саясий академияны (1956) бүтүргөн. 1941-ж. Сов. Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Түш.-Батыш, Дон, Сталинград, Талаа, 2-Украина фронтторунда салгылашкан. 1943-ж. Пятницк кыш. (Харьков обл., Чугуев р-ну) үчүн салгылашта эрдик көрсөтүп, душмандын 3 жолку танка м-н чабуулунун мизин кайтарууда ал немецтердин 8 танкасын ж-а 6 бронетранспортерун жок кылган. 1945-ж. танк взводунун рота командири, 1958–61-ж. Кыргыз ССР Аскер комиссариатынын саясий бөлүмүндө пропагандист, 1961–70-ж. Токмок ш-дык, 1970–84-ж. Фрунзе ш-нын Ленин р-ндук аскер комиссары,

АСАНОВ Дайыр 77.png


1985-96-ж. Кыргыз мамл. улуттук аскер лицейинин директору болуп иштеген. 2001-жылдан Бишкек шаардык согуш, эмгек ж-a куралдуу күчтөрүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы. Кыргыз CCP Жогорку Советинин (1951-55) депутаты. А. – «Военно-патриотическое воспитание молодежи» (Ф., 1976), «Ради жизни на земле» (Б., 2002), «Святой долг и призвание командира» (Б., 2006) аттуу эскерүү китептеринин автору. Кыргыз мамл. улуттук аскер лицейине 2005-ж. А-дун ысмы ыйгарылган. Ленин, эки 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, 2 Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси», 3-даражадагы «Манас» ордендери ж-a медалдар м-н сыйланган.