АСАНКУЛОВ Жумабек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:20, 2 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСАНКУЛОВ Жумабек-- (20. 2. 1927, Чүй обл., Москва р-ну, Кепер-Арык айылы – 22. 4. 2007, Москва) – генерал-лейтенант (1991). СССР Мамл. коопсуздук министрлигинин Ташкент чөлкөм аралык мектебин (1948), Кыргыз CCP Министрлер Советине караштуу Мамл. коопсуздук к-тинин жогорку мектебин (1955) бүткөн. 1944–46-ж. Петров

АСАНКУЛОВ 75.png


р-нунун Буденовка атн. колхоздун колхозчусу, 1948–52-ж. Кыргыз CCP Мамл. коопсуздук министрлигинде бөлүмдүн оперуполномочени, улук оперуполномочени, начальниги, 1955–61-ж. Кыргыз CCP Министрлер Coветине караштуу Мамл. коопсуздук комитетинде бөлүмдүн начальнигинин орун басары, 1961–66-ж. ушул эле комитеттин Ош обл. б-ча башкармалыгынын начальниги, 1966–67-ж. Кырг-н КП БКнын адм. органдар бөлүмүнүн башчысы, 1967–78-ж. Кыргыз CCP Министрлер Советине караштуу Мамл. коопсуздук комитетинин төрагасы, 1978–89-ж. СССР Мамл. коопсуздук комитетинин ин-тунда атайын курстун начальниги, 1989–91-ж. КРдин Мамл. коопсуздук комитетинин төрагасы, 1998–2000-ж. КР Президенти А. Акаевдин кеңешчиси, кеңешчинин милдетин аткаруучу, КР Коопсуздук Кеңешинин эксперт-консультанты ж-а эксперт-кеңешчисинин милдетин аткаруучу, 2000–01-ж. КРдин Премьер-министри К. С. Бакиевдин кеңешчиси болуп иштеген. Кыргыз CCP Жогорку Советинин депутаты (1963–66; 1967–70; 1971–75), СССР эл депутаты (1989). Эки Кызыл Туу, Эмгек Кызыл Туу, 2-даражадагы Манас ордендери ж-a медалдар м-н сыйланган.