АППЕРЦЕПЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:23, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АППЕРЦЕПЦИЯ (лат. adperceptio – кабылдоо) – кабылдоонун аңдалгандыгын ж-а байланышын, о. эле жаңы түшүнүктү өткөн тажрый­ба м-н бириктирүү процессии туюнтуучу филос. ж-а психол. түшүнүк. А. термини Г. В. Лейбниц тарабынан киргизилген. Ал аң-сезимдүү ж-а активдүү кабылдоону перцепциядан (аңдоосуз кабылдоо) айырмалап, А. деп атаган. Кийин А. табияттын өзгөрүүсүн ж-а аң-сезимдин биримдигин түшүндүрүүдө колдонулуп калган. Канттын философиясында А. өзүн-өзү аңдоону мүнөздөйт. И. Герберттин психологиясында А. кабыл­доонун – жалпы эле жаңы нерсени өздөштүрүүдө өткөндөгү тажрыйбага көз каранды экендигин билдирет. В. Вундттун пикири б-ча А-ны адам­дын рухий дүйнөсүнүн чыгармачылык күчүнүн негизин түзгөн аң-сезимдин бардык активдүү процесстери – ыкылас, эрк, кыялдануу, акыл-эсти аң-сезимдин иштөө принциби катары санайт. Психологияда учурда А. түшүнүгү колдонулбаганына карабастан, инсандын кабылдоосу турмуштук тажрыйбадан көз карандылыгы айрым учурда ушул термин м-н белгиленет.