АПЕЛЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:22, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПЕЛЛЯЦИЯ(лат. apellatio – кайрылуу) – мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек сот чечимдерин кайра кароо жолу; апелляциялык инстан­ция соту аркылуу ишти кайра кароо ж-а чечүү. А. Байыркы Римде император Юстиниандын (527–565) тушунда сот өндүрүшүнүн маанилүү элементи катары пайда болгон. Ошол мезгилде эле А-лык даттануу ж-а аны кароо мөөнөтү белгиленген. Батыш Европада А-нын өнүгүшү борборлоштурулган мамлекеттердин пайда болушу м-н тыгыз байланыштуу. Анда Рим укугунун ин-ттарынын рецепцияланышынын негизинде жарандык процесс калыптанган. Бара-бара Гер­мания ж-а Францияда Рим ж-а улуттук укуктарынын жуурулушу м-н даттануу системасы толугу м-н түзүлгөн. Бул системанын негизги шарты катары сот чечимдерин кароонун А-лык тартиби эсептелип, Германиянын жарандык - процессуалдык кодексинде (1806; 1877), Франциянын кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде бекемделген. Россиянын жарандык процессинде А. 1917-ж. чейин аракетте болгон. Совет өлкөсүндө 1917-ж. 22-ноябрда жаңы элдик соттордун кадыр-баркын бекемдөөгө тескери таасирин тийгизет деген шылтоо м-н жоюлган. 1992-ж. Арбитраждык процессуалдык кодекси аркылуу А-лык ин-т кайрадан калыбына келтирилген, к. Апелляциялык даттануу. Ж. Арзыкулов