АСАД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Хафез (6. 10. 1930, Кардаха, Сирия – 10. 6. 2000, Дамаск) – Сириянын президенти (1971– 2000). Араб социалдык кайра жаралуу партиясынын (АКСП) Генералдык секретары (1971–2000); Армиянын генералы (1968), коргоо министри (1966–71), премьер-министр (1970–71). Катуу чараларды колдонуу м-н Сирияда саясий кырдаалды турукташтырууга жетишкен, Хама ш-ндагы мусулмандык козголоңду баскан (1982). А-дын жетекчилиги м-н Сирия 1970–80-жылдардын ортосуна чейин СССРдин негизги союздашы болуп келген, 1973-ж. Египет м-н Израилдин ортосундагы согушта Египетти колдогон, 1982– 83-ж. араб жаңжалынан кийин Ливанда өз позициясын бекемдөө үчүн мындагы жарандык согуштарга(1976,1987,1990) кийлигишкен. А. узак убакыт бою Иракка каршы саясат жүргүзүп келген: 1980–88-ж. Иран-Ирак согушунда Иранга жардам берген, «Чөлдөгү бороон» (1991) операциясынын жүрүшүндө сириялык аскерлерди Иракка каршы коалициянын курамына киргизген.