АР-НАМЫС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:48, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– адамдын эл ж-а коом алдында өз кылганы үчүн моралдык жоопкерчилигин сезип, ойлогону м-н кылганын адамгерчилик абийири м-н баалай билишин туюндурган коомдук-этикалык категория. Бул абийир, уят деген түшүнүктөргө маанилеш. А. – адамдын жүрүштурушун, турпатын баалай турган өтө маанилүү моралдык касиет, нравалык фактор. Моралдык

нормалар м-н эрежелерди, коомдук парзды аткаруу А.-н-ка байланыштуу. Коомдук максат м-н мүдөө – А.-н-тын негизи. Керт баштын мүдөөсүн коомдук мүдөөгө баш ийдирип, коомдук мүдөөнү жогору коё билүү А.-н-туулуктун эң мыкты көрүнүшү болот. Кимдин А.-н. кандай экенин эл баалайт. Адамдын адамдык сапаты А.-н-тын тазалыгынан көрүнөт.