АРКА кыштагы
Jump to navigation
Jump to search
– Баткен обл-нун Лейлек р-ндагы кыштак. Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу.
«Кайрак-Кум» суу сактагычынын түш.-батыш
тарабында жайгашкан. Райондун борбору Исфана ш-нан 80 км түн. тарапта. Ленинабад (Тажикстан) темир жол бекетинен 20 км. 1955-ж.
отурукташкан. Деңиз деңг. 405 м бийиктикте
жайгашкан. Калкы 2645 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, 2
китепкана, 2 медпункт, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.