АРИП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– тамга, белги ж-а цифралардын графи­ка түрүндөгү формасы. А. графикалык мүнөзүнө

жараша орусча, латынча, немецче, грузинче, армянча, грекче, арабча ж.б. болуп бөлүнөт. Басмакана A-и аткарган милдетине жараша тексттик (жалаң текст басуу үчүн), титулдук (китептин атын, мукабасын, элементтерин басуу үчүн), акциденттик (плакатта) терүү деп аталат. Ар бир А-тин курамына кичине тамга, баш тамга, капителдер кирет. А. сүрөтү, жазылыш түрү б-ча төмөнкүчө айырмаланат: а) жайланышына жа­раша – тик, жантык, курсивдүү; б) энине жа­раша – кадимкидей, ичке, жоон; в) басылышына жараша- ачык, бүдөмүк кара, капкара. Бир эле А-тин өлчөмү түрдүүчө болушу мүмкүн (к. Кегль). А. кол м-н жазуу, сүрөткө тартуу, ташка, темирге, жыгачка оюп түшүрүү ж-а басмаканада куюп алуу жолдору м-н даярдалат. А. басмаканада кол м-н монотипте (тамгалай) ж-а линотипте (саптай) терилип алынат. Учурда компьютер жолу м-н да ар кандай түрдүү А-терди колдонууга болот.