АРИОЗО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:59, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИОЗО (итал. arioso, aria – ария) – 1) арияга караганда көлөмү чакан, речитативден обонунун жөнөкөйлүгү ж-а мукамдуулугу м-н айырмаланган операдагы, кантатадагы вокалдык композиция. 17-кылымда итал. операда (К. Монтевер�­ди, М. А. Честинин) речитативдин обондуу бөлүгүн ариозо түзгөн. 19–20-кылымдын операларында ариозо анча чоң эмес ария, б. а. лирикалык ыр («Евгений Онегин» операсындагы Ленскийдин, П. И. Чайковскийдин «Карганын маткесинде» Лизанын ариозосу) кээде обондуу декламация мүнөзүндө болгон. К. �. Ариетта, Каватина; 2) атка­руучулукта кантилендик мүнөздөгү аткарууну ж-а ырдоону (ария сыяктуу) көрсөтүүчү белги..