АРГОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:24, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГОН (лат. Argon), Аг – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы хим. эле­мент; инерттүү газ. Катар н. 18, ат. м. 39,948. Үч изотобу бар: Аг36 (0,337 %), Аг38(0,063 %), Аг�40 (99,600 %). Сырткы электрондук конфигурациясы 3s2 Зр6. А. инерттүү газдардын ичинен эң көп таралганы; атм-да көлөмү б-ча 0,933%. Молекуласы бир атомдуу, түссүз, жытсыз. Кайноо t -185,29°С, тыгыздыгы 0,001784 4 г/см3. Орг. эритмелерде сууга караганда жакшы эрийт. 1894-ж. Дж. Релей ж-а У. Рамзай ачкан. А. абаны өтө муздатып бөлүүдөн алынат. Байытылган А. аралашмасынын курамында 40�% ке жакын кычкылтек болот. Аны бөлүүчү аспаптан өткөргөндө 95%түү А. алынат. Андан ары тазалоо гидриддөө, адсорбциялоо ж. б. жол м-н ишке ашат. А. металлургияда, металл иштетүүдө, жарым өткөргүч аспаптарды даярдоодо, хим. синтезде, люминесценттик лампаларда, ядролук техникада ж. б. кеңири колдонулат.