АРГЕНТИНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
, Аргентина Республи­касы- Түш. Американын түштүгүндөгү мамлекет. Аянты ж-а калкынын саны б-ча континенттеги 2-өлкө (Бразилиядан кийин). Түш.

Америка материгинин түш.-чыгышын, Оттуу Жер а-нын чыгыш бөлүгүн, жакын жайгашкан Эстадос ж. б. а-ды ээлейт. Батышынан Чили, түндүгүнөн ж-а түн.-чыгышынан Боливия, Па­рагвай, Бразилия, Уругвай м-н чектешет. Чыгышын Атлантика океаны чулгап жатат. Аян­ты 2,78 млн км2 [А. м-н Улуу Британиянын ортосундагы талаш аймак – Фолкленд (Маль­вин) а-н кошпогондо]. Калкы 45,0 млн (2021). Борбору – Буэнос-Айрес ш. Акча бирдиги – Ар­гентина песосу. А. – БУУнун (1945), Америка мамлекеттери уюмунун (1948), Түш. Америка­нын жалпы рыногунун (МЕРКОСУР; 1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. А. – федерациялык мамлекет. А. 23 провинцияга ж-а Федерация­лык (борб.) округга бөлүнөт. Конституциясы

АРГЕНТИНА 45.png
АРГЕНТИНА 46.png

1853-ж. кабыл алынган, бирок аскердик төңкөрүштөргө байланыштуу, бир нече жолу токтотулган. 1949–57-ж. 1949-ж. конституциясы колдонулган, ал эми 1957-ж. 1853-жылдагы конституциясы калыбына келтирилген. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Президент ж-а вице-президент жалпы элдик
шайлоо жолу м-н 4 жылга (дагы бир жолу кайра шайлануу укугуна ээ) шайланат; андан соң мам­лекет башчысы бир жолку мөөнөттү өткөрүү м-н кайра шайланууга укуктуу. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Конгресс, ал Сенат ж-а Депутаттар палатасынан турат. Саясий партиялары: Жарандык радикалдуу союз, Хустисиалистер партиясы, Өлкөнүн тилектештик фронту партиясы.

Табияты.

А-нын чыгыш бөлүгү түзөң; батышын Анд тоолору (Аконкагуа чокусу, бийикт.

6960 м, Түш. Американын эң бийик жери), түш.батышын Патагония бөксө тоолору, түндүгүн Гран-Чако түздүгү, Парана, Уругвай д-нын аралыгы (Эки суу арасы), борб. бөлүгүн Лаплата ойдуңу ээлейт. Өлкөнүн негизги бөлүгүн түзгөн түздүктүү аймагы байыркы Түш. Америка ж-а Патагония платформаларында жайгашкан. Ал

Аргентинанын батыш чек арасындагы Туш. Анд тоолору.

эми Анд тоолору мезозой-кайнозой бүктөлүү структураларына кирет. Маанилүү кен байлыктары: нефть (Комодоро-Ривадавия, Барранкас), газ (Лома, Ла-Плата, Сан-Хорхе ж. б.), берил­лий, уран, темир, жез, алтын ж. б. Тропиктик, субтропиктик ж-а мелүүн климаттык алкактарда жатат. Түндүгүндө январдын (жай айы) орт. темп-расы Гран-Чакодо 28°Сден (абс. максиму­му 46°С), Оттуу Жер а-нда 10°Сге чейин, июлда (кыш айы) түндүгүндө 18°С, түштүгүндө 1°С. Патагония бөксө тоолорунда –33°Сге чейин суук болушу мүмкүн (абс. минимуму – Чубут д-нын өрөөнү, Түш. Американын эң суук жери). Түштүктөн соккон памперос шамалы өлкөнүн түндүгүнө да үшүк алып келиши ыктымал. Жыл­дык жаан-чачыны Эки суу арасында 1600 ммге чейин, Гран-Чакодо 400–1400 мм, Пампанын чыгышында 600-1000 мм, батышында 400- 600 мм, Патагонияда 100-300 мм, Пунада 100 ммден аз, Анд тоолорунун капталдарында 100-5000 мм. Патагония Анд тоолорунда Түш. Америкадагы ири мөңгүлөрдүн бири – Унсала жайгашкан. Ири дарыялары: Парана, Уругвай, Парагвай (кеме жүрөт), Чубут, Рио-Негро, РиоКолорадо. Анд тоолорунда мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөр бар. Тропиктик алкакта жайгашкан Эки суу арасынын түн.-чыгышын, Анд тоолорунун чыгыш капталдарын нымдуу тропик токою (анын астында кызыл-сары ферралит топурактары өөрчүйт), кызыл-күрөң топурактуу Гран-Чакону кургакчыл сейрек токой (кебрачо, альгарробо ж. б.), Пунаны бийик тоонун тропиктик чөлү, Пилькомайо, Рио-Бермехо, Парагвай, Парана д-н бойлой, Эки суу ара­сынын борб. бөлүгүн саз, токой ж-а чөп өсүмдүктөрү ээлейт. Субтропик алкагында – Эки суу арасынын түштүгүнө саванна, Пампанын чыгышына прерий сымал нымдуу шалбаалуу талаа - пампас (кара топурактуу; азыр дээрлик айдалган же жайыт), батышына кургакчыл бадалдуу талаа, андан ары, о. эле Анд тоолорунун капталдарына бадалдуу жарым чөл мелүүн алкак­та – Патагонияга дан өсүмдүктүү бадалдуу жа­рым чөл, Анд өндүрүндөгү ойдуңдарга талаа өсүмдүктөрү мүнөздүү. Анд тоолорунун чыгыш

капталдарын 37° түш. кеңдиктен түштүктү ка­

АРГЕНТИНА
Игуасу улуттук паркы.

рай нымдуу дайыма жашыл, 41°тан түштүктө аралаш, о. эле жалбырагы күбүлмө субантарктикалык токойлор каптаган. A-да жалпы аян­ты 9112 миң гага жеткен 145 коргоого алынган аймак бар; а. и. белгилүү улуттук парктары: Игуасу, Лос-Гласьярес (булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган), Лос-Алерсес, Ланин, Науэль-Уапи ж. б.

Калкы

ар кошкон элдердин тукумдарынан куралган. Креолдор (A-да туулган испандар) жерг.

индейлер, кийин (19-к-да) европа иммигранттары м-н аралашып кеткен. Калкынын 90%тен ашыгы аргентиналыктар, алар расалык жактан «актарга» (73% ) ж-а метистерге бөлүнөт; о. эле испан, италян, украин, поляк, немис, фран­цуз ж. б. улуттар да жашайт. Орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 14,2 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы: 76 жыл (эркектериники – 73, аялдарыныкы – 79 жаш). Мамл. тили – испан тили. Калкынын 92% христиан динин тутат. Шаар калкы 80%тен ашык. Ири шаарлары: Буэнос-Айрес, Росарио, Кордова, Ла-Плата ж. б.

Тарыхы.

А-нын аймагын байыртан эле индей

уруулары мекендеп келген. Алар 16-к-дын башына чейин уруучулук коомдо жашап, дыйканчылык, аңчылык ж-а балык уулоочулук м-н кесиптенишкен. 1516-ж. февралда испаниялык деңиз саякатчысы Хуан Диас де Солис Рио-делаПлата өзөнүнө келип түшүп, аны испан королунун жери деп жарыялайт. А. аймагын испандыктар басып алып, бул жерди күмүштүн запасына бай деп эсептешип, аймакты Ла-Плата деп аташкан (Rio de la Plata, испанча – күмүш дарыя дегенден). Алар индейлердин көпчүлүгүн кулга айландырып, оор жумуштарга иштетип, багындыра албагандарды Анд тоолоруна куугунтуктаган (индейлерди эксплуатациялоонун мындай түрү – энкомьенда аталган). Испандыктардын басып алган жерлери ири жер ээлөөчүлөрдүн ж-а чиркөөлөрдүн жер ээлигине айланган. Жумушчу күчү жетишпегендиктен, испан­дар Африкадан негр-кулдарды ташып келе башташкан. Оор эзүүгө чыдабаган индейлер көтөрүлүшкө (Санта Фе провинциясы, 1580) чыгыш­кан. Кийин индейлердин көтөрүлүштөрү А-нын бүткүл аймагына тараган. Испандыктар Испанияда өндүрүлүп, ташылып жаткан өнөр жай, а. ч. продуктыларын Ла-Платада өндүрүүгө, о. эле башка өлкөлөр м-н соода жүргүзүүгө тыюу салышкан. 18-к-дын 60–70-ж. мануфактураларды уюштурууга, соода тармагында бир кыйла жеңилдиктер берилген реформалар жүргүзүлүп, колониялардын өнүгүшүнө жагымдуу жагдай түзүлгөн. 1620-ж. Ла-Плата аймагы Пе­ру вице-королдугуна кошулат. 1776-ж. азыркы Аргентина, Боливия, Парагвай ж-а Уругвай кир­ген аймак Ла-Плата вице – королдугу болуп бөлүнөт. Буэнос-Айрес, Мендоса, Сан-Луис ж. б. шаарлар өнүгүп, кол өнөрчүлөр, токуучулар пай­да болот, бирок жаңыдан пайда болгон өндүрүштүк мамилелердин өнүгүшүнө колониялык бийлик тоскоол болгон. 1810-ж. Буэнос-Айресте испандыктарга каршы боштондук кыймылы жеңишке жетишип, тарыхта Май рев-ясы деп аталып, 25-май аргентиналыктардын улуттук майрамы катары майрамдалат. 1816-ж. 9-июлда Тукуманда Улуттук Конгресс Ла-Плата Бириккен провинциясынын (азыркы Аргентина) көз каранды эместигин жарыялаган. 1826-ж. А. Федерациялык Республикасы же Аргентина (лат. Argentum – күмүш) болуп кайра түзүлгөн. 20-к-да А. көптөгөн төңкөрүштөрдү башынан өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашылып турган. 1946-ж. президент болуп шайланган X. Д. Перондун өкмөтү A-да «социалдык жактан теңдештирүү» саясатын жүргүзүү м-н экономиканы индустриалдаштыруу ж-а улутташтыруу б-ча реформаларды ишке ашырган. 1955-ж. аскердик төңкөрүштүн жүрүшүндө X. Д. Перон кызматтан кетирилип, бийлик хунтанын колуна өткөн.
1974-ж. X. Д. Перон президенттик кызматка кайрадан шайланган. 1976–83-ж. A-да бийлик кайрадан аскердик башкаруучулардын колуна өтөт.
1981-ж. аргентиналык аскерлер Фолкленд (Маль­вина) а-на түшүрүлгөн (бул аралдар 1833-ж. Англия тарабынан басып алынган болчу). Бул аралдардагы Британиянын суверенитетин тааныгысы келбеген А. м-н Улуу Британиянын ортосунда келип чыккан согуштук чатак англичандардын пайдасына чечилген. Англичандардан жеңилгенден кийин аргентиналык аскер­лер бийликти саясий партияларга өткөрүп берген. 1989-ж. бийликке кайрадан перронисттик өкмөт келгенден кийин өлкөдө демокр. режим калыбына келтирилген. 1994-ж. конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттик башкаруу мөөнөтү 6 жылдан 4 жылга кыскартылган; Конгресстин укуктары кеңейтилген; Министрлер кабинетинин башчысы кызматы кир­гизилип, ал президент тарабынан дайындалган ж-а парламентке жоопкер болгон. 1999-ж. шайлоодо Ф. Де ла Руа жетектеген оппозициялык блок жеңишке жетишкен. 1990-ж. башталган экон. кризистин кесепетинен, 2001-жылдын декабрында финансы системасы кыйраган ж-а бул социал. жарылууларга алып келип, Де ла Руа отставкага кеткен. Бир жуманын ичинде A-да беш президент алмашылган. 2002-жылда- гы президенттик шайлоодо Н. Кирчнер жеңип чыккан.

Экономикасы

. А. – экономикалык өнүгүү дең­ гээли б-ча Латын Америкасында Бразилия ж-а Мексикадан кийинки 3-орунда турат. Бирок, а. ч. продуктыларын өндүрүүчү ж-а экспорттоо- чу дүйнөдөгү негизги өлкөлөрдүн бири, ошону м-н катар өнөр жайы салыштырмалуу өнүккөн өлкө. 1990-ж. А. өкмөтү тарабынан өлкөнүн эко- номикасын оңдоо б-ча олуттуу иштер жүргү- зүлгөн: мамл. секторлордогу ишканалар менчик- тештирилген, бюджет катуу көзөмөлгө алын- ган, ички рынокко чет өлкөлүк компаниялар конкурент катары катышууга укук алган. Эко- номикасынын маанилүү тармактары нефть, газ, автомобиль өнөр жайы бүт, электр, суу ж-а газ м-н камсыздоонун басымдуу бөлүгү чет өлкөлүк (АКШ, Германия, Япония, Франция, Италия) капиталдын көзөмөлүнө өткөн. Ички дүң про- дукциясы 435,2 млрд долларды (АКШ, 2011) тү- зүп, киши башына бөлүштүргөндө 10,6 миң дол- лардан туура келет. Бул көрсөткүч борбордо бир кыйла жогору (25 миң доллар). Ички дүң про- дукциясында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 53,5% ти, өнөр жайыныкы 35,9% ти, айыл, токой ж-а ба­ лык чарбаларыныкы 10,6% ти түзөт (2004). Экон. активдүү калкынын V2 тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Структурасында финансы ж-а биз­ нес кызматы (30%), коммерция (28%), транс­ порт ж-а байланыш (10%) үстөмдүк кылат. Ири банктары: Улуттук, инвестиция, сырткы соода ж-а Улуттук ипотека. Байланыш кызматы, тоо- лыжа, деңиз курорттору, тарыхый маданий бор- борлор (Буэнос-Айрес, Мендос ж. б.), ландшаф- тынын кооздугу (Игуасу шаркыратмасы, Пата­ гония мөңгүсү) туризмдин өнүгүшүнө түрткү бо- лууда. 2000-ж. 3 млнго жакын турист келген (андан түшкөн киреше 2,8 млрд долларды түзгөн).

Буэнос-Айрестеги нефть ылгоочу завод.

Ички дүң продукциясында казып алуу өнөр жайынын үлүшү 32,2% ти, тейлөө чөйрөсүнүкү 16,1% ти, а. ч-ныкы 8,5% ти түзөт (2009). 2007-ж.
млрд кВт'С электр энергиясы өндүрүлгөн. Нефть ж-а газ өлкөнүн ички керектөөсүн толугу м-н камсыз кылат. Нефть казып алуу б-ча Латын Америкасында (Мексика, Бразилия, Венесуэладан кийин) 4- орунду ээлеп, 40% тен
ашыгын экспорттойт. Нефть өлкөнүн батышында (Мендос, Неукен, Чубут провинцияларында) ж-а түш. -чыгышында (Сан-Хорхе булуңунун аймагы), жаратылыш газы Неукен ж-а Түн.-ба­тыш А-да казылып алынат. О. эле көмүр (неги­зинен күрөң көмүр), жез, темир, коргошун, цинк, вольфрам, уран, марганец, калай казылып алынат

Таблица 2
Маанилүү кенбайлыктары
Нефть, млн т 43,8
Жаратылыш газы, млрд Jlt3 45,8
Көмүр, МИҢ T 190,0
Жез, миң г 204,0
Цинк, миң T 37,3

.

Таблица 3
Электр станциялардын типтери б-ча электр энергиясын өндүрүү (% м-н)
1980 2002
жэс 55,9 46,9
ГЭС 38,2 44,6
АЭС 5,9 8,5


А. ядро энергетикасы ж-а уран өнөр жайы б-ча дүйнөгө белгилүү болгон. Кара металлур­ гия сырттан алынып келинген сырьёнун неги- зинде иштейт. Түстүү металлургия (цинк, алю­ миний, коргошун) өнөр жайы өнүккөн. Оор өнөр жайында алдынкы орунду машина куруу ээлейт; а. и. транспорттук, а. ч. машиналарын куруу, электр-тех., тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдуу- ларды чыгаруучу тармактары өнүккөн. Автомо­ биль чыгаруу б-ча Латын Америкасында (Бра­ зилия, Мексикацан кийин) 3-орунда турат. 1990-

Таблица 4
Негизги өнөржай продукцияларын өндүрүү
2000 2002
Болот, миң г 4479,2 4355,4
Чоюн, миң г 2182,6 2173,9
Алгачкы алюминий, миң т 261,4 268,8
Автомобиль (бардыгы), миң даана 339,2 159,4
а. и. жеңил 238,7 113,3
Автомобиль шиналары, миң даана 8519,4 8988
Трактор, даана 422 313
Муздаткыч (тиричиликке пайда- лануучу), миң даана 325,4 161,6
Кир жуугуч ж-а кургатуучу ма­ шина (тиричиликке пайдаланы- луучу) миң даана 324,4 240,1
Түстүү телевизор, миң даана 1556 219
Жасалма була ж-а келеп жип,миң т 89,2 61,2
Кагаз ж-а картон, миң г 1220 1207
Гезит кагазы, миң т 170 171




Акча бирдиги – Аргентина шесосу.

жылдын аягынан 13 автомобиль компаниясы иштейт [а. и. 8 жеңил автомобилдерди («Фиат», «Рено», «Форд», «Фольксваген»), калгандары ав­ тобус ж-а жүк ташуучу машиналарды «Мерсе- дес-Бенц» кураштырууга адистештирилген]. Кеме

Таблица 5
Малдарынын саны (2002, млн баш)
Бодо мал 48,5
Кой 12,6
Эчки 4,1
Чочко 2,2


ж-а авиа куруу, аскер, а. ч., турмуш-тиричилик техникаларын чыгаруу­
чу, нефть-хим. (этил, по­ лиэтилен, изопропанол, метанол, күкүрт к-тасы, пластмасса ж. б.), фарма­ цевтика, булгаары-бут кийим, табигый ж-а жасалма була өнөр жай- лары бар.
А. эт (негизинен уй этин) даярдоо (жылына
млн г дан) ж-а экспорттоо б-ча дүйнөдөгү бир- ден бир өлкө. Ички аймактарында кол өнөрчүлүк (жип ийрүү ж-а токуу) өнүккөн.
А. өзүн а. ч. продуктылары м-н толук камсыз кылат. Латифундизмдин үстөмдүк кылышы экс- тенсивдүү чарбаны – жайыт мал чарбасын ж-а күрдүү топуракта дан эгиндерин өндүрүүгө түрткү берди. А. ч-га жарактуу жери 162 млн га (2002), а. и. шалбаа ж-а жайыт 51,8%, токой 18,6%, иштетилүүчү аянты 9,9%.
Башкы а. ч. району – Пампа. Мал чарбасы,
а. и. бодо мал, о. эле кой чарбасы өнүккөн. Жүн

Санта-Крус провинциясындагы кой фермасы.

кыркуу ж-а экспорттоо б-ча дүйнөдө Австралия, Жаңы Зеландиядан кийинки 3-орунда. Малы Пампа м-н Патагониянын жайыттарында ба­

Таблица 6
Айдоо аянты ж-а негизги эгиндердин жыйымы
Айыл чарба өсүмдүктөрү Айдоо аянттары, мин га Дүң
жыйымы, миң T
1998 2002
Буудай 5919 9283
Жүгөрү 3751 2419
Сорго (ак жүгөрү) 920 787*
Apna 242 289*
Cy лу 1789 1750*
Кара буудай 372 693*
Күрүч 247 124
Күн карама 3511 2015*
Соя 7176 11 405
Арахис 407 245*
Зыгыр 116 33*
*2001.



гылат. Эзелтен экспорттук маанидеги дан эгин- дери ж-а май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт. Ай­ доо аянты 33 700 миң га, сугат жери 1 561 миң
га. Дан эгиндерин жыйноо б-ча Латын Америкасында 1- орунда (негизги ай- магы Пампа); күн- карама (1-орун), соя (2-), жүгөрү (3-), пах­ та (2-; Чако, Фор- мос), акжүгөрү, ша­ лы, арпа, сулу, кен- дир (1-), балкамыш, чай, арахис, зайтун, тунг дарактар өстү­ рүлөт. Цитрус өсүмдүктөрү негизинен өлкөнүн түн.чыгышында (негизинен лимон), тропик жемиштери (банан, манго, ананас) түн.-батышында, мелүүн алкактын мөмө-жемиштери (алма, алмурут, кайнаалы) Мендос провинцияларында өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк өнүккөн (жылына 2,4 млн т жүзүм шарабы). Балык (Парана, Уругвай д-нан; 2002-ж. 645,9 млн г) кармалат. Темир жолунун уз. 31,4 миң км, автомобиль жолунуку
миң км (а. и. 30% асфальтталган; 11 миң кмге жакынына акы төлөнөт). Негизги порттору: Буэнос-Айрес, Ла-Плата, Баия-Бланка. Де­ңиз соода флотунун тоннажы 820 миңрег. бр.-т. Нефть куурунун уз. 6 миң км, газдыкы 14 миң км. Өлкөдө 10 эл аралык аэропорт, «Аустраль» ж-а «Аэролинеас архентинас» авиакомпаниялары иштейт. Ички дүң продукциясында экспорттун үлүшү 11% ке жакын. Негизги соо­да шериктери: Бразилия, АКШ, Чили, Кытай, КМШ өлкөлөрү (а. и. Россия, Украина, Грузия).

Маданияты.

A-да билим берүү мекемелери

агартуу, илим ж-а технология министрлиги жетектейт. Мектепке чейинки ж-а 10 жылдык милдеттүү түрдө билим алуу провинциялык ж-а муниципалдык билим министрликтери аркылуу көзөмөлдөнөт. А-да билим берүү системасы федералдык билим берүү мыйзамына ылайык (1993) жүргүзүлүп, мектепке чейинки (3-5 жаш),
жылдык жалпы базалык билим (6-14), орто би­лим берүү системасын камтыйт (15-17). Мамлекеттик ж-а менчик кесиптик окуу жайларды 1995-жылдан улуттук технол. билим берүү ин-ту координациялайт. A-да жогорку билим алуу 1995-ж. кабыл алынган мыйзам аркылуу жүргүзүлөт.
Жогорку мектептердин координациялык ишин ун-ттер аралык Улуттук, менчик ун-ттердин ректорлор, о. эле жогорку билим алуунун региондук пландоо кеңештери башкарат. А-нын билим алуусунун жаңы структурасы 3-жылдык үч баскычтан (6-8 жаш, 9-11, 12-14) турат. Орто билим алуу (полимодалдуу билим алуу) 3 жылга созулуп, 15-17-жаштагы өспүрүмдөр окушат. Ар бир орто мектеп жалпы билим берүүдөн тышкары бир же бир нече адистикке да даярдайт (гуманитария, коомдук ж-а табигый илимдер, экономика ж-а коммуникация). Кесиптиктех. билимди окуучулар «полимодалдуу» циклде алышып, андан соң атайын билим берүү мекемелеринде уланта алышат. Мамл. ж-а мен­чик орто окуу жайлары Улуттук технол. ин-т тарабынан координацияланат. Эки миңден ашык ЖОЖ болуп, анын 550сү ун-т статусуна ээ. 1997-жылдан ЖОЖду аккредитивдөөчү Улут­тук кеңеш иштейт. Ири жогорку окуу жайла­ры: Буэнос-Айрес (1821), Улуттук Кордова (1613), Улуттук техн. (1959) ун-ттери. 11 менчик окуу жайы бар. 20-к-дын аягында 12 ИА (анын 10 Буэнос-Айресте) иштеген. Ири китепканалары - Улуттук (1810), китепканалар системасы (1941), Улуттук Конгресс (1858). Башкы музейлери - табигый илимдер (1823), тарых (1889), асем-өнөр (1895), этногр. (1904), ботаника (1870), Табигыйтарыхый (1911) ж. б. A-да 250дөн ашык гезит, 700дөй журнал чыгат (2004). Жалпы улуттук гезиттер – «Кларин» («Clarin»), «Насьон» («La Nacion, 1970») ж-а «Пренса» («LaPrensa, 1869»). Борб. гезиттердин ичинен белгилүүлөрү – «Буэнос-Айрес геральд» («Buenos Aires Herald»), «Амбито финансьеро» («Ambitо Financiero»). Ири мамл. ж-а менчик радиостанциялары: «Ра­дио насьональ», «Антена 1», «Кадена 103». Ири мамл. ж-а менчик телеканалдар: «Каналь 1», «Канал 8», «Америка 2».
А-нын ад-ты испан тилинде өнүккөн. А-ны мекендеген индей урууларынын фольклору сак­талган эмес. Алгачкы адабий чыгармалар коникса түрүндө Л. Миранда де Вильяфаньянга («Романс», 1544), М. дель Барко Сентерге («Ар­гентина ж-а Рио-де-ла Платанын жеңиши», 1602) ж-а Р. Диаса де Гурманга («Аргентина жазмалары», 1612) таандык. 17-18-к-да А. поэзиясы гонгоризмге карай багыт алган. 18-19-к-да М. де Лавардена ж. б. чыгармаларында классикалык тенденция өнүккөн. Сөз өнөрүнүн өркүндөшүнө 17-18-к-да испан элдик поэзиясынын негизинде калыптанган креоль фольклору таасир эткен. Көз карандысыздык үчүн күрөшүү жылдарында (1810-1816) улуттук идеяны бекемдөө В. Лопес-и-Планеса, Э. де Лука, X. Крус Варел, Б. де Монтеагудонун чыгармаларында чагылдырылат. Патриоттук классиканын неги­зинде А-да улуттук көркөм сөз өнөрү «гаучо адабиятында» (А-нын эркиндикке умтулган малчыларынын жашоо тиричилиги ж-дө айтыл­ган). Улуттук мад-ттын идеяларын ж-а гаучо ад-тынын өнүгүшүнөн романтика келип чыккан. Анын ад-тынын баштапкы өнүгүүсүнө чыйыр салган Д. Ф. Сармьентонун (романтика, клас­сика, гаучо стилин айкалыштырган) «Факундо» эссеси (1845). Гаучо ад-тынын туу чокусу улуттук эпопея болгон. 1880-ж. эссеистикка (М. Канн, Л. В. Манси л ья, Л. В. Лопес), шаар прозасы (Э. Камбасерес, А. Архерич, М. Подеет, Ф. Сикарди) өнүккөн. 1889-90-ж. поэзияга Аме­рика романтикасы (Р. Облигадо, О. В. Андрад), патриоттук мистика (Альмафуэрте), неоклассизм (К. Ойуэл) ж-а модерн стили мүнөздүү.
Эстетикалык модернизмдин таралышына
98-ж. А. Р. Дарио, Р. Хаймес Фрейрдин келиши себепкер. Модерн стилинде Л. Лугонестин («Алтын тоолор», 1897), Р. Рохастын чыгармалары жаралган. Модернист акындар: К. Ор­тис, Л. Диас, Э. Диас Ромеро. 20-к-дын башында поэзия фольклорго өтүп (а. и. Э. Карриего); филос. мүнөздөгү лирика (Э. Банче, Б. Фернан­дес Морено) өнүгүп, Л. Лугонес башында турган декадент агымы өнүгөт. X. Л. Борхес түзгөн жа­ңы эстетикалык программа Л. Маре чал, Э. Гон­ салес, Лакус, О. Хирондо, Н. Ланге, Р. Гуиральдес ж. б-дын чыгармаларында чагылдырылган. Эстетикага «Боэдо» жазуучулар тобу кар­шы чыккан (А. Юнк, Л. Барлетте, Р. Гонсалес Туньон, Р. Альп). Салттык лирикада (А. Сторни, Ф. Л. Бернардес, В. Барбьери), эссеистикада (Р. Скалабрини Ортис, Э. Мартинес Эстрада) белгилегендей 1920-30-ж. ад-т идеяларын бириктирген «Аргентина ачылышы» мифалогемасы болгон. Поэззияда К. Мастронари, Р. Машнаринин чыгармачылыгындагы пейзаж символикасы 1940-ж. неоромантиктер тарабынан (Л. Бенарос, М. Граната, Д. Девото, О. Ороско ж. б.) өздөштүрүлгөн. 1930-ж. улуттук тарыхый проблема экзистенциалисттик келечек м-н тереңделип, 1970-жылдын аягына чейин актуалдуулугун жоготкон эмес (Э. Мальеа, «Аргентинаны таануу ж-а түшүндүрүү», 1935; «Аргентинанын бир тарыхына шыктануу», 1937; «Бейкут булуң», 1940; «Ыза», 1966 ж. б.), 1950-ж. эк­зистенциализм м-н интеллект акындардын чыгармачылык изденүүлөрү байланышта болгон (Р. Г. Агирре, Р. Алонсо, Ф. Урондо ж. б.). 1970- жылдагы улуттук (акылга сыйбаган) мифология М. Пуигге («Рита Хейворттун саткынчылыгы», 1968; ж. б.), Н. Санчесс, Д. Мойано, X. Эрнандес, Э. Гудиньо Кисферанын чыгармаларына мүнөздүү. 1980-90-ж. тарыхый-филос. жанр басымдуулук кылган (А. Поссе «Демон 2», 1978; «Дөбөттөр бейиште», 1985; «Париж дептерлери», 1998; ж. б.).
А-дагы каада-салттын сакталбаганы Түш. Америкадагы башка мамлекеттер сыяктуу эле байыркы ири мамлекеттердин отурукташпаганы себеп болгон. Жер-жемиш чогултуп, аңчылык м-н алектенишкен калктын одоно карападан жасалган буюмдары гана сакталган. Өлкөнүн түн.-батышындагы дыйканчылык м-н кесиптенишкен уруулар (Кондоруаси мад-тынын ба­йыркы урпактары) – таш м-н ылайдан курулма курушуп, жыгачты кооздоп, алтын м-н ко­лону иштетишкен. Таштан айкелдерди жасап, карапага сүрөт түшүрүшкөн. 15-к-да А-ны колонияга айланткан инктердин «пукара стилиндеги» таш сепилдеринин калдыктары калган. 16-к-дан шаар (Буэнос-Айрес, Мендос, Сан-Хуан, Сантьяго-дель-Эстеро, Санта-Фе, Сальта, Кордо­ва, Жужуй) пайда болгон. Шаар тик бурчтуу планда курулуп, собор, ратуша, губернатордун, архиепископтун сарайлары, арсенал жайгашкан борб. аянттан көчөлөрдүн жыш тармагы тарайт. 19-к-дын алгачкы жылдарына чейин бир кабаттуу черепица м-н жабылган испан тибиндеги үйлөр басымдуу болгон. Негизги эшик, терезенин жыгачтан кооздолуп жасалган кашектери жерг. барокко стилинде курулган. Сальтада ак сөөктөрдүн таш м-н кооздолуп салынган үйлөрү өзгөчөлөнүп турат. Француз, мерседар ж-а иезуиттер ордендери (уюм) жайгашкан Кордовада арх-ра интенсивдүү өнүккөн. 17-18-к-да

Буэнос-Айрес. Пласа де Майо. – Борбордо – «Каса Росада» (Өкмөт үйү).

курулган Компанье чиркөөсү кооздугу м-н айырмаланат. Жерг. арх-ранын өнүгүшүнө 1717-ж. европалык архитекторлордун (X. Б. Бримоли, А. Бланки) салымы чоң. Латын Америкасынын барокко стилинде курулган курулуштарына Ыйык Тереса (Кордова) монастыры, Сан-Франсиско монастырь-чиркөөсү (Санта-Фе), Кордовадагы собор ж-а иезуит чиркөөлөрү кирет. 1585-ж. континентке келген иезуиттер индейлерди ар кандай колөнөрчүлүккө үйрөтүшкөн. Ушунун негизинде чиркөө ж. б. курулуштар индейлердин мотивинде кооздоло баштаган. А-нын миссиясында алгачкы басылмалар пайда болуп, алар­ды индейлер жасалгалашкан. Учурда мурдагы миссиясынын ордуна бир нече музейлер (СанИгнасио-Мини, Санта-Росе ж. б.) пайда болгон.
А-нын живописи «Жогорку Перудан» түздөнтүз таасирленген. Негизги жанр – алтарь сүрөттөрү ж-а портрет. Алар өтө кооздолгон. 1780-ж. алгачкы гравюра ж-а миниатюралар тартылган. Өлкөнүн көркөм дүйнөсүнө четтен келген мастерлердин таасири зор. Алардын ичинен көрүнүктүүсү Швейцариядан келген Й. Гут
ж. «Сүрөт мектебин» ачкан. 19-к-дын аягында жерг. чеберлер пайда болуп, алар колониялык стиль м-н жаңы курулуш принциптерин айкалыштырып шаар курушкан. 19-к-дын аягынан электизм кеңири кулачын жайган. 19- 20-к-да азыркы шаар көрүнүштөрү пайда бол­гон. Модерн стилиндеги көп кабаттуу мансардалуу турак ж-а коомдук жайлар курула баш­таган. 1930-ж. А-нын борборунда асман тиреген үйлөр пайда болуп, конструктивизм пайдаланылган. 1960-ж. кайрадан колониялык мезгилге кайрылышса, кээ бир арх-ралык курулуштарда АКШнын арх-расынын таасири байкалат. Өзгөчөлөнгөн долбоор м-н курулган курулуштары: Провинция башкармалыгынын имараты (Санта-Росе), Улуттук китепкана (Буэнос-Айрес). Сүрөт иск-восу 19-к-да өнүгө баштаган. Ал Улут­тук гравюра (1878), Улуттук мектептердин ачы­лышы (Буэнос-Айрес) м-н түшүндүрүлөт. 20-кдын башында улуттук мектеп академизм стилин сүрүп чыгарып, улуттук идеяларды өнүктүргөн. 1913-23-ж. Э. А. Бурдель (элдик баа­тыр К. Альвеарунун эстелигин жасаган) жерг. скульптуранын өнүгүшүнө зор таасирин тийгизген. 20-к-да иск-водо көпкө дейре импрессио­низм, андан соң авангардизмдин ар түрдүү ва­рианты сакталып келген. 1929-ж. живопис­ям Р. Сольди «авангардисттер мектебин» негиздеген, ага кубизм ж-а сюрреализм келип кошулган. Графикада окшош тенденциялар «Боэдо» тобунда пайда болгон. 1950-60-ж. A-да башка авангардизм агымы – абстракционизм ж-а кинетикалык иск-во, поп-арт таралган. Акыркы 10 жылда модернизмдин пайда болушу жеке манералуу багытты жайылткан.
А-нын музыка өнөрүнүн башаты Испаниянын муз. мад-ты м-н байланыштуу. Улуттук музыкасында ритмика, танго бийи мүнөздүү. Кеңири таралган муз. аспабы – 6 кылдуу гитара. Чако аймагында жашаган индейлердин байыркы муз. үлгүлөрү Экисууарасында, Түн.-батыш райондорунда ж-а Патагонияда сакталган. A-да 16-17-к. европ. профессионалдуу музыка иезуит миссияларынын негизинде түзүлгөн. Европадан келген музыканттар жерг. калкты гитара, лютнеде ойногонду үйрөтүшкөн. Ал эми 1585-ж. А-да 1- орган (сакталган эмес; Сантьяго-дель-Эстеро чиркөөсү) пайда болгон. 18-к-дын башында А-да италиялык органист ж-а композитор Д. Циполи эмгектенген. 18-к-да ак сөөктөрдүн үйлөрүндө классикалык музыка концерттери коюлуп турган. 18-к-дын 2-жарымында Буэнос-Айресте опера ж-а комедия «Театро де ля Ранчериа» театры иштеген. 1804-ж. «Колисео» (кийинчерээк «Архентино театры») театры ачылып, анда саинетес, тиранас ж. б. лирикалык пьесалар музыканын коштоосунда коюлуп турган. 19- к-дын башында, А-нын театрларында европалык опера, испан сарсуэлалары коюлган. 1877-ж. 1-опера (Ф. А. Харгривс, «Ла Гата Бланка»; италян тилинде) жазылган. Ф. Боэро 1918-ж. 1-либреттону испан тилинде «Тукуман» операсында колдонгон. Боэро европалык ж-а орус композиторлорунун опералары м-н «Колон» театрынын репертуарын түзгөн. 1857-ж. Дж. Вердинин «Травиатасы» м-н театр ачылса, 1908-ж. театрдын жаңы имаратында «Аида» операсы коюлган. 20-к-дын башында Ф. И. Шаляпин ушул театрда ырдаган, ал эми А. Тосканини операны жетектеген. «Колон» театры Латын Америкасындагы ушул күнгө чейин туруктуу Россиянын опералары коюулуучу жалгыз театр гана болбостон, о. эле Латын Америкасындагы ж-а дүйнөдөгү эң ири опера театрларынын бири.
ж. Филармония коому, 1949-ж. «Колон» театрынын базасында Улуттук симф. оркестр түзүлгөн. Белгилүү композиторлору: Р. Арисага, Р. Каманьо, А. Ланса, А. Кригер, А. Хинастера. А. Пяцолла көптөгөн танго бийинин ав­тору, бандонеон аспабында ойноп, дүйнөлүк атак-даңкка жеткен. Өзгөчө популярдуулукка ырчы ж-а танго бийин негиздеген К. Гардель ээ болгон. 1915-ж. А-да авторлор ж-а композиторлор коому, 1957-ж. жаш композиторлор ассосиациясы түзүлүп, 1964-ж. Латын Америкалык квалификацияны жогорулатуу ж-а муз. изилдөө ин-ту (1965-ж. Торкуато ди Тельи астында) ачылган. Испан аспаптары (гитара, типле, рекинто, чаранго) кеңи­ри тараган. 20-к-да А-нын шаарларында АКШнын белгилүү музыкалары тарай баштап, гита­ристка М. Л. Анидо, пианистка М. Аргерих дүй­нөлүк атак-даңкка ээ болушкан. 20-к-дын аягынан Латын Америкалык «Тропика музыка» сти­ли (куартето жанры ж. б.) тарайт. Үзгүлтүксүз креол музыкасы ж-а танго майрамы, фестивалдар өткөрүлүп турат. А-дагы белгилүү ырчы, аткаруучулар – Р. Сарсосо, Л. Торрес ж-а М. Сосо.
А. театр иск-восунун башаты 16-17-к-да ис­пан миссионерлери тарабынан уюштурулган ин­дейлердин ырым-жырым оюндарына ж-а католиктердин театрлаштырылган оюн көрсөтүүлөрүнө (пантомимо, мистерия, ауто ж. б.) барып такалат. 18-19-к-да театр өнөрүндө бий ж-а музыкалуу драма – сайнет, пантомима, операда колдонулган. 19-к-дын жарымына чейин бий колдонгон спектаклдар аз болгон. 1830-ж. жерг. бийчилер труппасы «Колисео» театрында оюн көрсөтүшкөн. А-да классикалык балет 1857-ж. Буэнос-Айресте «Колон» театр ачылгандан белгилүү. Ж. Руссе жетектеген труппа Ж. Перро м-н Ж. Мазильенин (А. Адана «Жизель», Ч. Пуньи «Катарина» ж. б.) романтика балеттерин, 1912-ж. О. И. Преображенский, Дягелев орус балети (1913, 1917), Дункан (1916) койгон, А. П. Павлова (1917-19) ж. б. гастро­лун ийгиликтүү өткөргөн. «Колон» театр труппа­сы м-н Россиялык балетмейстерлер – А. Р. Больи, Б. Ф. Нижинская, Г. Г. Кякшат, Б. Г. Ро­манов, М. М. Фокин, С. Лифарь, Дж. Баланчин иштешкен. 1971-ж. П. П. Чайковскийдин «Щел­кунчик» балети коюлуп, анда Р. Нуреев бийлеген. 1968-ж. труппа 1-жолу Европада (Парижде) өткөн эл аралык фестивалга катышкан. Театрдын алдында театр мектеби («Колон» теат­рынын алдында жогорку ин-т) о. эле танго бийине адистешкен көптөгөн труппалар иштейт.
А-нын театр тарыхы 18-к-га таандык. 1757-ж. Буэнос-Айресте 1-театр курулган. Биринчи улут­тук драматургияны М. де Лавардена(1789, «Сирипо» классицизм салтында жазылган трагедия) ж-а белгисиз автор муз. комедия (сайнете, «Эстансьеранын махабаты», 1792) жазган. О. эле лоа (бир актылуу пьеса) ж-а тонадилья жанры өнүккөн. 1804-ж. Буэнос-Айресте «Театро Коли­сео» (1838-жылдан «Театро Архентино»), кийинчерээк «Виктория», «Буэн орден» ж-а «Федерасьон» театрлары ачылган. Мендосто, Кордовада да театрлар курулган. Диктатор X. М. де Росасанын бийлиги мезгилинде, көпчүлүк драматургдар четте иштешкендиктен, европалык авторлордун чыгармалары коюлуп келген. 19- к-да театр өнөрүнө актёрлор Т. Гевара, X. А. Касакуберта, X. Подеста ж. б. көрүнүктүү салым кошкон. 19-к-дын 2-жарымында А-нын театрларында костумбризм негизделет. Аны 20-к-дын биринчи он жылдыгында драматургдар Р. Пайро, Г. де Лаферрере, X. С. Гардель ж. б. салттуу түрдө улантышкан. Бул мезгил театр тарыхына «он жылдагы атак» деген ат м-н кирген. 1960-ж. А-да «Жаңы Латын Америка театры», 1981-ж. «Ачык театр» уюшулган.
Алгачкы кыска метраждуу «Аргентина желеги» фильмин француз оператору Э. Пи тартса, 1908-ж. 1-көркөм фильм («Доррегону атып өлтүрүү»), 1930-ж. үндүү фильм («Креол мозаикасы») тартылган. 1910-30-ж. башкы режиссёр <anom>X</anom>. А. Феррейра «Өлүм бийи» (1917); «Ак көгүчкөндөр» (1920); «Гаучо ыры» (1930, алгач­кы толук метраждуу үндүү фильм), «БуэносАйрес сулуулары» (1931) аттуу фильмдерин тарткан. 1932-ж. «Лумитон» студиясы ж-а «Архентина сонофильм» фирмасы уюшулган. Цензу - ранын катуу көзөмөлүнөн улам көңүл ачуучу музыкалуу кинокомедиялар (Л. Торрестин катышуусунда) тартылган. 1956-ж. Улуттук кино ин-ту түзүлгөн. А-да ж-а чет мамлекеттерде

«Булганган суулар агымы» фильминен бир көрүнүш.

Л. Торре Нильсондун автордук кинолору («Периштелер үйү», «Тузаккатүшкөнкол», «Мартин Фьерро») таанылган. Жаш режиссёрлор Д. X. Коон («Бир күндүн туткундары»), Р. Кун («Карыбаган аксакалдар»), М. Антин («Так сандар») европалык кино чеберлеринин эстетикасын өздөштүрүшкөн. 1956-ж. Санта-Феде улуттук ун-ттин алдында Ф. Бирринин жетекчилиги м-н даректүү кинолор мектеби негизделген. 1968-ж. көз карандысыз топтор түзүлүп, алар рев-ялык күрөштүн куралы болгон «Жарык сааттар» (1966-68; жашыруун тартылып, А-да 1973-ж. чейин көрсөтүүгө тыюу салынган) фильмин тартышкан. Аскер диктатура мезгилинде (1973-83) көптөгөн кинематографисттер четке кетүүгө аргасыз болгон. Жаңылануу 1983-жылдан башталып, эмигранттар өз өлкөсүнө кайтышкан. Улуттук кино мамл. колдоого алынып, 1990-ж. ж-а 2000-жылдын башынан режиссерлор А. Аристараин («Кенже Мартин», 1997; «Коомдук жайлар», 2002), М. Пинейро («Жапайы жылкылар», 1996), X. X. Кампанелья («Колуктунун уулу», 2001) жемиштүү эмгектенишүүдө. Жаңы же көзкарандысыз фильмдерди М. Рейтман, П. Траперо, А. Каэтано ж. б. тартышкан. 1996-ж. Мардель-Платада өткөрүлгөн (1954-70-ж.) эл аралык кинофильмдер фестивалы калыбына келтирилген. 1998-жылдан Буэнос-Айресте эл аралык көз карандысыз фильмдердин фестивалы өткөрүлгөн.
Ад.: Лукашова Е. Н. Южная Америка. Физическая география. М., 1958; Хайн В. Е. Тектоника континен­тов и океанов (год 2000). М., 2001; Комаров К. В.Аграрный вопрос и война за независимость Аргентины.М., 1988; История Латынской Америки. М., 1991-2004; Пименова Р. А. Аргентина. М., 1987; Социаль­но-экономическая география зарубежного мира. 2-еизд. М., 2003; Культура Аргентины. М., 1977; Пи-чугинП. Народная музыка Аргентины. М., 1971; Ово­дов В. Б. Драматургия и театральное искусство Арген­тины // Культура Аргентины. М., 1977; Ростоцкая JI. Из истории кинематографии Аргентины // Куль­тура Аргентины. М., 1977.
Ө. Бараталиев, А. Орозов, Ж. Абдилова.