АРАБ ЖАРЫМ АРАЛЫ
– Жер шарындагы жарым аралдардын эң чоңу (2730 миң км2). Азиянын түш.-батышында. Аймагынын 1/2 бөлүгүнөн
ашыгын Сауд Арабиясы ээлейт. Жарым аралда, о. эле Йемен Араб Республикасы, Йемен
Элдик Демократия Республикасы, Кувейт, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери, Оман, Ирак
м-н Иорданиянын айрым бөлүктөрү жайгашкан.
Батышынан Кызыл деңиз, түштүгүнөн Аден
булуңу ж-а Араб деңизи, чыгышьшан Инди океанынын Оман ж-а Перс булуңдары м-н чектешет. Жарым аралдын түн. чеги шарттуу түрдө
30° түн. кеңдиктен өткөрүлөт. Жээктеринде булуң-буйтка аз. Рельефинде түздүк ж-а плато
басымдуу; ал ар батыш, түш. ж-а чыгышында
четки тоолорго (бийикт 3600 жге чейин) өтөт.
Кызыл деңиз м-н Перс булуңун жээктей Тимаха ж-а Эль-Хаса ойдуңдары жайгашкан. Перс
булуңунун жээгине жакын нефтинин ири кени
(Перс булуңу нефть-газ бассейны) бар. Климаты
тропиктик, кургак, түндүгүндө субтропиктик.
Январдын орт. темп-расы 7°Сден 24°Сге чейин,
июлдуку бардык жеринде 30°С (55°Сге чейинки
темп-pa катталган). Жылдык жаан-чачыны
түздүктөрдө 50–100 мм, тоолордун айрым жерлеринде 500 ммден ашык. Такай аккан дарыя
дээрлик жокко эсе; кургак дарыя нугу (вади)
мүнөздүү. Кумдуу ж-а таштуу чөлдөр (Чоң ж-а
Кичи Нефуд, Дехна, Руб-эль-Хали ж. б.), кээ
бир жеринде жарым чөл басымдуу. Тоолордун
айрым жерлеринде саванна ж-а сейрек токой
өсөт. Оазистер сейрек учурайт.