АРА-БЕЛ-СУУ
Jump to navigation
Jump to search
– Ички Теңир-Тоодогу суу, ЖаакТаш (Тарагай) суусунун (Чоң Нарындын алабы)
оң курамы. Уз. 61 км, алабынын аянты 750 км1.
Тескей Ала-Тоонун түш. капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, батыштан чыгышка Ара-Бел
өрөөнү (сырт) аркылуу агат. Куймалары: МайТөр, Эгиз-Төр, Сөөк, Кашка-Суу, Чоң Төр, ИтТиш. Июнь айында кирип, сентябрда тартылат.
Жылдык орт. чыгымы 4,75 м3/сек.