АППЕРЦЕПЦИЯ
(лат. adperceptio – кабылдоо) – кабылдоонун аңдалгандыгын ж-а байланышын, о. эле жаңы түшүнүктү өткөн тажрыйба м-н бириктирүү процессии туюнтуучу филос.
ж-а психол. түшүнүк. А. термини Г. В. Лейбниц тарабынан киргизилген. Ал аң сезимдүү ж-а активдүү кабылдоону перцепциядан (аңдоосуз кабылдоо) айырмалап, А. деп атаган. Кийин А. табияттын өзгөрүүсүн ж-а аң сезимдин биримдигин түшүндүрүүдө колдонулуп калган. Канттын философиясында А. өзүн өзү аңдоону мүнөздөйт. И. Герберттин психологиясында А. кабылдоонун – жалпы эле жаңы нерсени өздөштүрүүдө өткөндөгү тажрыйбага көз каранды экендигин билдирет. В. Вундттун пикири б-ча, А-ны адамдын рухий дүйнөсүнүн чыгармачылык күчүнүн негизин түзгөн аң-сезимдин бардык активдүү процесстери – ыкылас, эрк, кыялдануу, акылэсти аң-сезимдин иштөө принциби катары санайт. Психологияда учурда А. түшүнүгү колдонулбаганына карабастан, инсандын кабылдоосу турмуштук тажрыйбадан көз карандылыгы айрым учурда ушул термин м-н белгиленет.