АПЕННИН ЖАРЫМ АРАЛЫ
Түш. Европада.
Анда негизинен (аймагынын Vs1111) Италия,
о. эле Ватикан ж-а Сан-Марино мамлекеттери
жайгашкан. Аянты 149 миң км2. Жер Ортолук
деңизге 1100 км кирип, Тиррен, Иония, Лигурия ж-а Адрия деңиздери м-н чулганат. Жээктеринде булуң-буйтка аз, түш. бөлүгүндө гана
Калабрия, Салентина, Гаргано ж. а., Таранто
булуңу ж. б. бар. А. ж. а-н дээрлик Апеннин
тоолору (эң бийик жери 2914 м, Корно чокусу)
ээлейт, түндүгүндө Падан түздүгүнүн бир бөлүгү,
чыгыш ж-а батыш жээктеринде анча чоң эмес
дөбөлүү түздүк тилкеси жайгашкан. Түш.-батышында жанар тоолор (Везувий, Флегрей талаасы ж. б.) бар. Климаты субтропиктик жер ортолук деңиздик; жайы ысык, кышы мелүүн. Дарыялары (негизгилери – Тибр, Арно) кыска,
жайында суусу өтө азаят. Жер Ортолук деңиздик бадал (маквис, гарига) ж-а токой өсөт.
Түздүктөр м-н тоо этектеринде маданий ландшафт басымдуу.