АНТРАХИНОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:53, 15 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРАХИНОН, С14Н802 – орг. бирикме. Ачык сары түстүү кристалл, б. эрүү t 286°С; кайноо t 379-381°С; ысык толуолдо, анилинде ж-a нитробензолдо жакшы, спиртте начар эрийт. А. антраценди окистендирүүдөн же фталь ангидриди м-н бензолдон синтезделет. А-го 130°Сде хлорду таасир эткенде 1,4,8-тетрахлорантрахинон, 60°Сде бромдоодо тетрабром бирикмеси пайда болот. А-ду сульфирлөөдө антрахинонсульфокталар алынат. А. боёк алуудагы негизги зат. А-ду сульфирлөө реакциясы өнөр жайда боёк заттарды синтездөө үчүн колдонулат.