АБРАЗИВДҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:01, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБРАЗИВДҮҮ МАТЕРИАЛДАР абразивдер– металлдын бетин, минералдарды, тоо тектерди, айнекти ж. б. материалдарды мех. иш тетүү үчүн (кесүү, курчутуу, жылмалоо ж.б.) колдонулуучу өтө катуу заттар. Алар табигый (алмаз, корунд, чарык таш, пемза, гранит ж.б.) ж-а жасалма (электркорунд, карборунд, бор карбиди, жасалма алмаз) болуп бөлүнөт. Жасалма А. м-дан жасалган аспаптардын мизи жука болуп, катмарлап кырып-жонууга мүмкүндүк берет. Алардын өтө катуулугу кыруу-жонуу иштерин ылдамдатып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат.