АНТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:31, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТОЛОГИЯ (гр. anthologia – гүлдөрдүн тобу) – ар кыл авторлордун белгилүү бир элдин, мезгилдин, агымдын, тематиканын ж-а жанрдын адабиятын мүнөздөгөн айрым текстеринин топтому. Байыркы мезгилде антикалык поэзиянын иргелген чыгармалары антология деп аталган. «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» Москвада орус тилинде (1957) ж-а кыргыз тилинде (1974–75) эки томдук болуп чыккан (түзүүчүлөр: С. Закиров, Ж. Таштемиров, баш сөзүн жазган Т. Аскаров). 1-томунда оозеки элдик поэзиянын түрдүү жанрынын, элдик ырлардын, эпостук чыгармалардын үлгүлөрү топтолгон. Ошондой эле Токтогул, Тоголок Молдо баштаган залкар акындар поэзиясы берилген. 2-томунда акындардын тандалган чыгармалары жыйнакталган (түзгөндөр: С. Жигитов, А. Токтогулов, баш сөзүн жазган Т. Аскаров). Кийинки «Кыргыз поэзиясынын антологиясынын» (түзгөн К. Жусупов, 1-том, Б., 1999; 2-том, Б., 2000) 1-томунда кыргыз оозеки поэзиясына, жазма адабиятына, акындар поэзиясына, ошондой эле жазма эстеликтерге ж-а орток түрк адабий мурасына нукура чыгармачылык м-н мамиле жасалган. Анда Ж. Баласагуни, М. Кашгари, 17-к-дагы кыргыз поэзиясынан Токтогул ырчы, Асанкайгы, 18–19-к-дагы кыргыз поэзиясынан Калыгул, Молдо Нияз, Арстанбек, Чоңду, Жеңижок, Калмырза ж. б. көркөм мурастарынын классикалык үлгүлөрү жарык көргөн. К. Тыныстановдун поэзиясы м-н ачылып, оозеки чыгармалар ж-а азыркы кыргыз акындарынын тандамал чыгармалары камтылган. Кыргыз музыкасынын антологиясы (түзгөн: К. К амбаров, Т. Бөрүбаев, С. Мусаев, Б. Алагушов) 1974-ж. жарыкка чыккан.�.