АНСАМБЛЬ
АНСАМБЛЬ (фр. ensemble – бирге, чогуу, бүтүн нерсе) -1) сахна өнөрүндө спектаклдеги бир идеяга баш ийген бардык компоненттердин гармониялуу айкалышы; 2) аткаруучулардын бир көркөм коллектив катары чыгуучу тобу; 3) бир нече аткаруучу үчүн музыкалык чыгарма (дуэт, трио ж. б.); 4) архитектура ж-а шаар курууда идеялык-көркөмдүк, архитектуралык жактан чечилген имараттардын, аянттардын, монументалдык живопистин, скульптуранын композициялык биримдиги.
� Ансамбль – архитектуралык чыгармачылыктын жогорку формасы. Имараттардын, бак-парктпардын да өзүнчө ансамбли болот. Бири-бирине
өтмөктөр аркылуу байланышкан беш имараттан турган КР УИАнын курулушунун комплекси борборубуздун ири архитектуралык ансамбли болуп саналат. Анын авторлору ленинграддык архитектор Ю. Билинский ж-а А. Бочаров имараттын бетмаңдайын кооздоодо Кыргызстандын илимин, маданиятын кыргыздын элдик оймо-чийме мотивдери аркылуу чагылдыруу м-н түстүү куйма керамикада аткарылган тематикалык ж-а декоративдик барельефтерди колдонушкан. Ал эми Бишкектин борбордук гүлбагы катар тигилген дарактардын, көк жайыктардын, эстеликтин ж-а
фонтандын биригип айкалышынан түзүлүп, тегерегиндеги архитектуралык имараттарга кошулуп, шаардын ажырагыс кооз бөлүгүнө айланды. Архитектуралык ансамблдин композициясына көркөм сүрөт өнөрүнүн чыгармалары да кирет, к. Искусство
синтезы. К. Сарбанов.