АНКИЛОЗ
Jump to navigation
Jump to search
АНКИЛОЗ (гр. ankylos – ийри) – эки сөөктүн муун башынын бир-бирине чапталып калышынан пайда болгон кыймылсыз абал. Негизги себептери муундун катуу кармаган өнөкөт инфекциялык сезгениши; сөөк учтарынын кырсыктан жабыркашы. A-до муун сөөктөрүнүн бетине фиброз, кемирчек, сөөк ткандары өсөт. Буту-колдун А-унда кол же бут сунулган б-ча же ар кандай бүгүлгөн абалда жазылбай калат. Алдын алууда кырсыкка ж-а сезгенүүлөргө учураган муундарды өз убагында туура дарылоо ж-а курорт, санаторийде дарылап, дарылоочу дене тарбия сунуш кылынат. Айрым түрлөрүн хирург, жол м-н дарылайт.