АМФИТЕАТР -- көрүүчүлөрдүн орду

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:01, 18 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМФИТЕАТР (гр. amphitheatru, сөзмө-сөз – тегерек зал) – 1) Байыркы Римде көпчүлүк үчүн курулган, гладиаторлорду ж-а жырткыч айбандарды кармаштыруучу

монумент курулуштардын бири. Ал ортосунда аренасы бар эллипс түрүндөгү зор курулма. Аренаны айланта көрүүчүлөрдүн орду болгон. Тепкич-тепкич болуп,

АМФИТЕАТР 1 56.png

улам жогорулап, тирөөчтөргө карматылып, алардын ортосу фойе же тепкич катарында пайдаланылган. Амфитеатр Рим империясынын б. з. ч. Верона, Помпеи, Рим (Колизей) ж. б. шаарларында сакталып келген; 2) азыркы театрдагы, цирктердеги, концерттик залдардагы, аудиториялардагы, стадиондордогу көрүүчүлөр үчүн бийиктетилген орундар (мис., Кыргыз опера ж-а балет театрынын, Кыргыз академиялык драма театрынын ж. б. А-лары).