АММИАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:41, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АММИАК, NH3 – азоттун суутек м-н болгон жөнөкөй бирикмеси. Түссүз, кескин жыттуу, тумчуктургуч газ. Жаратылынгга орг. заттардын чирип ажырашынан пайда болот. Эрүү t 80°С,кайноо t 33,35°С, сууда жакшы эрийт, спирт, ацетон, хлороформ ж-а бензолдо начар эрийт. Төмөнкү темп-рада, жогорку басымда суюктукка, ал эми андан  ары төмөндөтсө ж-а басымды  көбөйтсө кристаллга айланат. Суюк А. эриткич катары колдонулат. А-тын суудагы эритмеси  нашатырь спирти деп аталат. Жогорку темп-рада азот ж-а суутекке ажырайт, к-талар м-н  сууда жакшы эрий турган туздарды берет. Бул  туздар ысытканда жеңил ажырайт. А. к-лар  м-н аммиакаттарды, кээ бир металлдар м-н нитриттерди же амиддерди, күкүрт, көмүр кычкыл газы м-н ысытканда N4S4, HCN ж. б. пайда кылат. NH3тү кычкылдандыруудан азот к-тасы, азот ж-а анын оксиддери пайда болот. Ал азот м-н суутектин аракеттенүүсүнөн же көмүрдү кокско айландырганда бөлүнүп чыккан газдан алынат. Азот кислотасын, карбамидди, орг. заттарды синтездөө, жер семирткичтерди даярдоодо, медицинада ж-а хим. өнөр жайларда кеңири колдонулат.