АММИАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:20, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 NH3 – азоттун суутек м-н болгон

жөнөкөй бирикмеси. Түссүз, кескин жыттуу, тумчуктургуч газ. Жаратылынгга орг. заттардын чирип ажырашынан пайда болот. Эрүү t 80°С, кайноо t 33,35°С, сууда жакшы эрийт, спиртп, ацетон, хлороформ ж-а бензолдо начар эрийт. Төмөнкү темп-рада, жогорку басымда суюктук - ка, ал эми яттдятт ары төмөндөтсө ж-а басымды көбөйтсө кристаллга айланат. Суюк А. эриткич катары колдонулат. А-тын суудагы эритмеси нашатырь спирти деп аталат. Жогорку темпрада азот ж-а суутекке ажырайт, к-талар м-н сууда жакшы эрий турган туздарды берет. Бул туздар ысытканда жеңил ажырайт. А. к-лар м-н аммиакаттарды, кээ бир металлдар м-н нитриттерди же амидцерди, күкүрт, көмүр кычкыл газы м-н ысытканда N4S4, HCN ж. б. пайда кылат. NH3ty кычкылдандыруудан азот к-тасы, азот ж-а анын оксиддери пайда болот. Ал азот м-н суутектин аракеттенүүсүнөн же көмүрдү кокско айландырганда бөлүнүп чыккан газдан алынат. Азот кислотасын, карбамидди, орг. заттарды синтездөө, жер семирткичтерди даярдоодо, медицинада ж-а хим. өнөр жайларда кеңири колдонулат.