АМЕРИКА-ПАНАМА КЕЛИШИМДЕРИ
(1903, 1936, 1955, 1977). 1903-ж. Вашингтон келиши-ми б-ча Панама кеңдиги 16,1 км келген каналдын аймагын АКШга түбөлүккө берүүгө аргасыз
болуп, АКШ бул жерде Панама каналын пайдаланууга, о. эле армиясын кармап турууга укук алган. Компенсация катарында АКШ Панамага 1904-ж. 10 млн доллар төлөгөн. 1912-жылдан баштап жылына 250 миң доллар төлөп турган. 1936-ж. 2-мартта Вашингтондо кол коюлган жаңы келишимде 1903-ж. келишим кайра каралып, АКШнын Панаманы кемсинткен кээ бир жоболору өзгөртүлүп ж-а алынып салынган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин панамалыктар АКШнын бул аймактагы көзөмөлүнө каршы кыймылын активдештиришкен. 1955- жылдагы келишимде (Панамада 25-январда кол коюлган) АКШ Панаманын кээ бир жерлерин кайра берүүсү ж-а аренда акысын 1млн 930 миң долларга көтөрүү каралган. 1967-ж. Панама м-н АКШнын ортосунда 3 келишим түзүлүп, анда 1903, 1936, 1955-ж. А.-П. к-н алмаштыруу каралган. Бирок бул келишимдер негизги маселени (Панама каналын Панамага кайра берүүнү) чечпегенден кийин, ага каршы кыймыл башталып, келишимдерге кол коюу ж-а ратификациялоо белгисиз убакытка чейин токтотулган. 1977- жылдагы А.-П. к. б-ча мурдагы бардык келишимдер жокко чыгарылып, 2000-жылдын 1-январынан Панама каналын толугу м-н Панаманын суверенитетине өткөрүп берүү каралган.