АМАНБАЕВ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:38, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМАНБАЕВ (1976-ж. чейин Грозный) – Талас обл-нун Кара-Буура р-ндагы кыштак. Аманбаев айыл аймагына караштуу. Күркүрөө суусунун оң жээгинде, деңиз деңг. 990 м бийиктикте, Чымкент – Талас автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыш-нан 35 км батыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 7 км. 1870-ж. отурукташкан. Калкы 5677 (2009); негизинен тамекичиликте, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, оорукана, дарыкана, амбулатория, мад-т үйү, китепкана, мончо, кафе ж. б. бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак Соц. Эмг. Баатыры А. �. Аманбаевдин ысмынан аталган.