АЛУНИТ КЕНТАШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:11, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛУНИТ КЕНТАШТАРЫ – алюминий кенташтарынын (рудаларынын) өнөр жайлык маанидеги тиби. Ал негизинен алунит. (25-70%),кварц, халщедон, опал (баары биригип 40-50%), чополуу минералдардан турат. Бир аз темир оксиди, ильменит, циркон ж. б. кезигет. Жаш жанар тоо аймагында күкүрт к-тасы м-н каныккан күкүртүү газдын ж-а эритиндинин таасиринен кычкыл эффузив тоо тектеринин гидротермдик өзгөрүүлөрүнөн пайда болот. Курамында алунит 50%тен кем эмес, чополуу минералдары 10% ке чейин болсо бай, кенташтарда алунит 25% болсо ж а р д ы А. к-на кирет. Ири кендери Россияда (Шелихов ж. б.), Азербайжанда (Заглик), Украинада (Беган), АКШда, КЭРде, Австралия, Иран, Индия, Аргентина, Мексика ж. б. өлкөлөрдө белгилүү. Кырг-ндын айрым жерлеринде да чакан А. к. бар. А. к-нан алюминийден башка калий жер семирткичи, күкүрт к-тасы ж-а ванадий, галлий металлдары алынат.�нат.
Ад.: Кашкай М. С. Алуниты, их генезис и использование. 2 т. М., 1970.