АНИЛИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 аминбензо л, фенилами н,

С6Н5 – NH2 – эң жөнөкөй ароматтык амин. 1826-ж. индигону кургак бууландыруудан алынган. 1842-ж. орус окумуштуусу Н. Н. Зинин нитробензолду күкүрттүү аммоний м-н калыбына келтирүүдөн синтездеген. Азыр А. нитробензолду катализатордун катышуусунда 200- 300°Сде калыбына келтирүүдөн алынат: С6Н5

Formula.F9

А. түссүз, жарык ж-а абанын таасиринен түсүн өзгөртүүчү, өзгөчө жыттуу суюктук; эрүү t 16°С, кайноо t 184,4°С, сууда, спиртте, эфирде, бензолдо, хлороформдо жакшы эрийт. Ал минералдык к-талар м-н туздарды, орг. к-талар м-н анилиддерди пайда кылат. А. негиздик касиетке ээ, бирок анын негиздик касиети майлар катарындагы аминдерге караганда начарыраак. Туздарынын ичинен C6HSNH3C1 чоң мааниге ээ, ал текстиль өнөр жайында кездеме боёдо пайдаланылат. А. вулканизацияны тездетүүчү зат катары, фармацевт ж. б. өнөр жайында кеңири колдонулат. Анын буусу уулуу болгондуктан, адамдын борб. нерв системасына таасир этет. Ж. Медетпбекова.