АНТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (гр. anthologia – гүлдөрдүн тобу) -

ар кыл авторлордун белгилүү бир элдин, мезгилдин, агымдын, тематиканын ж-а жанрдын ад-тын мүнөздөгөн айрым текстеринин топтому. Байыркы мезгилде антикалык поэзиянын иргелген чыгармалары А. деп аталган. «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» Москвада орус тилинде (1957) ж-а кыргыз тилинде (1974-75) эки томдук болуп чыккан (түзүүчүлөр: С. Закиров, Ж. Таштемиров, баш сөзүн жазган Т. Аскаров). 1-томунда оозеки элдик поэзиянын түрдүү жанрынын, элдик ырлардын, эпостук чыгармалардын үлгүлөрү топтолгон. О. эле Токтогул, Тоголок Молдо баштаган залкар акындар поэзиясы берилген. 2-томунда акындардын тандалган чыгармалары жыйнакталган (түзгөндөр:
С. Жигитов, А. Токтогулов, башсөзүн жазган Т. Аскаров). Кийинки «Кыргыз поэзиясынын антологиясынын» (түзгөн К. Жусупов, 1-том, Б., 1999; 2-том, Б., 2000) 1-томунда кыргыз оозеки поэзиясына, жазма ад-тына, акындар поэзиясына, о. эле жазма эстеликтерге ж-а орток түрк адабий мурасына нукура чыг-лык м-н мамиле жасалган. Анда Ж. Баласагуни, М. Кашгари,
17-к-дагы кыргыз поэзиясынан Токтогул ырчы, Асанкайгы, 18-19-к-дагы кыргыз поэзиясынан Калыгул, Молдо Нияз, Арстанбек, Чоңду, Жеңижок, Калмырза ж. б. көркөм мурастарынын классикалык үлгүлөрү жарык көргөн. К. Тыныстановдун поэзиясы м-н ачылып, оозеки чыгармалар ж-а азыркы кыргыз акындарынын тандамал чыгармалары камтылган. Кыргыз музыкасынын антологиясы (түзгөн: К. К амбаров, Т. Бөрүбаев, С. Мусаев, Б. Алагушов) 1974-ж. жарыкка чыккан.