АНКИЛОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:20, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. ankylos – ийри) – эки сөөктүн

муун башынын бир-бирине чапталып калышынан пайда болгон кыймылсыз абал. Негизги себептери муундун катуу кармаган өнөкөт инфекциялык сезгениши; сөөк учтарынын кырсыктан жабыркашы. A-до муун сөөктөрүнүн бетине фиброз, кемирчек, сөөк ткандары өсөт. Буту-колдун А-унда кол же бут сунулган б-ча же ар кандай бүгүлгөн абалда жазылбай калат. Алдын алууда кырсыкка ж-а сезгенүүлөргө учураган муундарды өз убагында туура дарылоо ж-а курорт, санаторийде дарылап, дарылоочу дене тарбия сунуш кылынат. Айрым түрлөрүн хирург, жол м-н дарылайт.