АНГКОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:20, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (кийин Ангкор – Тхом кхмерче – «Улуу

шаар» дегенди билдирет) – Сием-Реап ш-нын (Кампучия) жанындагы храмдардын, сарайлардын, суу сактагычтардын ж-а каналдардын зор комплекси. 9–13-к-да курулган. Яшодхарапура (9-к-дын аягында негизделген) м-н Ангкор-Тхом (12-к-дын аягы) храмы, шаар урандылары, жыгач сарайлардын таш пайдубалы, тепкичтүү пирамида түрүндөгү «тоо-храмдары», а. и. скульптуралык жактан бай жасалгаланган ири Ангкор-Ват храмы (1113–50-ж. ч.) бар. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.