АЛЫКУЛ ТААНУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:06, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– кыргыз адабият таануу

илиминин бир тармагы. Акын А. Осмоновдун чыг-н изилдейт. А. Осмонов кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө, анын профессионалдык деңгээлинин жогорулашына салмактуу үлүш кошкон. Анын акындык табылгалары кыргыз поэзиясынын кийинки муундарына күчтүү таасирин тийгизди. Осмоновдун чыг-лык өнөрканасы, анын идеялык-эстетикалык, поэтикалык табылгалары 1940-ж-дын экинчи жарымынан адабий сындын предметине айлана баштаган. Акындын чыг-лыгы улуттук поэзиябыздагы жаңыча көрүнүш экенин анын тирүү кезинде эле айрым кыраакы калемдештери, тактап айтканда Ясыр Шиваза м-н Кайсын Кулиев «Алыкул Осмонов» (1946) аттуу макаласында аны «күчтүү ойдун акыны» деп атоо м-н ырасташкан. Ал эми М. Алыбаевдин «Мааниси жок махабат» (1947), Ж. Бердибаевдин «Менин жерим – ырдын жери» (1947), Ж. Самагановдун «Бир чыгармага арналган үч макала тууралуу» (1948) аттуу макалаларда сынчылар ошол мезгилде адабият таануу илиминде орун алган кесепеттүү вульгардыксоциол. сындын таасири, акындын жаңычыл поэзиясын түшүнгүсү келбегендиги байкалат. 1950- ж. Москвадан «Советский писатель» басмасынан А. Осмоновдун «Мой дом» аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн. Котормочу С. Липкин ушул китепке жазган баш сөзүндө А. Осмонов-дун чыныгы реалист акын экендигин белгилеген. О. эле 1955-58-ж. акындын «Тандалмалары» орус тилинде Москвадан жарык көргөн. И. Бутен-ко, С. Даронян, Л. Лебедева, М. Рудов, А. Яшин акындын поэзиясындагы идеялык мазмундун тереңдиги м-н поэтикалык форманын шайкештиги ж-дө өз бааларын беришкен. Кыргыз адабият таануу илиминде ж-а адабий сынында өткөн к-дын 50-ж-нда А. Осмоновдун чыг-лык дүйнөсүн эстетикалык жактан ачуунун мезгили болгондугу талашсыз. Акындын оригиналдуу, жаңычыл, чоң арыштуу сүрөткер экенин ил. багытта адеп ачып көрсөткөн, жан-дили м-н кайра-кайра жар салган сынчы Ш. Үмөталиев болгон. «А. Осмоновдун поэзиясы» (1956), «Актуалдуу ойдун акыны» (1954), «Канаттуу по-эзия» (1956), «Турмуш жана акын» (1958) макалалары ж-а «Алыкул Осмонов. Өмүрү жана чыгармалары» (1958) аттуу монографиясы жарык көргөн. Андан кийин А. Осмоновдун чыг-лыгынын жалпы ж-а жеке маселелерин козгогон кандидаттык диссертациялар жазылып, өзүнчө китеп түрүндө басылып чыккан. Алар: «А. Ос-монов» (Р. Кыдырбаева, 1957), «А. Осмоновдун поэзиясындагы традиция жана новатордук» (А. Садыков, 1962), «Алыкул Осмоновдун поэзиясынын тили» (К. Кырбашев, 1967), «Пламен-ный поэт» (3. Мамытбеков, 1971). Адабиятчылар К. Артыкбаев, К. Асаналиев, К. Бобулов, М. Борбугулов, К. Даутов, К. Укаев тарабынан акындын поэзиясы тууралуу атайын макалалар жазылып, чебер тыянактар чыгарылган. Москвадан акындын «Тандалмалары» (1975), «Кыргызстан» басмасынан «Отчий край» (1987) деген жыйнагы басылып чыккан. А. Осмонов-дун чыгармаларын которуу маселелерине арнал-ган алгачкы эмгек 3. Мамытбековго таандык. В. И. Шаповаловдун докторлук диссертациясында да таланттуу акындын айрым чыгармаларынын котормолору тууралуу сөз болгон. А. жаатындагы соңку эмгектердин бири – С. Жигитовдун «Акындын эки өмүрү» монографиясын (1998) ушул багыттагы изилдөөлөрдүн жетишкендиги, бийиктиги катары баалоого бо-лот. Бул эмгекте таланттуу акын, котормочу ж-а драматург А. Осмоновдун лирикалык ж-а лирика-эпикалык чыгармалары, пьесалары, котормолору ил. принциптердин негизинде толук объективдүү талдоого алынган. А. Осмоновдун адабий мурасы калкыбыздын азыркы ж-а болочок рухий турмушунда активдүүлүгүн, актуалдуулугун жоготпой өмүр сүрүүдө, акындык кесипке талаптангандар үчүн өрнөктүү таалим-тарбия мектеби катары кызмат өтөөдө.

А. Садыков