АЙЮБИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:02, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЮБИДДЕР – 12–14‑к‑дагы Жакынкы Чыгыштагы султандар династиясы. А. династиясы 1171‑ж. Египетте шииттердин Фатимиддер династиясы кулатылган соң, Салах‑ад‑Дин Юсуф ибн Айюб тарабынан негизделген ж‑а анын атасы Айюб ибн Шадинин ысмынан аталган. Шарттуу түрдө А. Аббасиддердин бийлигин тааныган, бирок мусулман дүйнөсүндө өз бийли­гин толук орнотууга умтулушкан. 1238‑ж. А. ич ара чыр‑чатактардын айынан өз алдынча эки ээликке бөлүнүп кеткен. Египеттеги А. (теги б‑ча курддар) алгач курд аскер башчыларына, кийинчерээк теги түрк мамлюктарга таянып бийлик жүргүзгөн. Египеттик А. 1250‑ж. мамлюктар төңкөрүшүнүн натыйжасында бийликтен айрылышкан, ал эми алардын калган бутактары 12–14‑к‑да Египетте, Сирияда, Месопотамияда ж‑а Түш. Аравияда бийлик жүргүзүшкөн. Мамл. башкарууда ж‑а маданий чөйрөдө А. иран‑түрк салттарын бекемдешкен.