АК-КЫЯ
Jump to navigation
Jump to search
АК-КЫЯ – Ош обл‑нун Кара‑Кулжа р‑ндагы кыштак. Кара‑Кочкор айыл аймагына караштуу. Ак-Кыя суусунун боюнда, деңиз деңг. 1430 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыш‑нан 8 км. Кара‑Суу темир жол бекетинен 86 км. 1936‑ж. отурукташкан. Калкы 2528 (2009); негизинен дыйканчылыкта ж‑а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.