АКМАТ Рысменде уулу
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Рысменде уулу (1891, азыркы Чүй р‑ну, Шамшы айылы – 1966, ошол эле жерде) семетейчи, Сагымбай Орозбак уулунун шакирти. 1930‑жылдардын аягынан Кыргыз мамл. филармониясында артист, өмүрүнүн акыркы жылдары айылында иштеген. А. өзүнүн «Семетей» айтып калуусун көпчүлүк манасчыларга мүнөздүү кереметтүү түш көрүү салты м‑н байланыштырат. 1915‑ж. көпчүлүктүн алдында биринчи жолу «Семетейден» үзүндү айткан.
ж. май айында акындардын слётуна чакырылып, «Семетейден» айткан үзүндүсү жогору бааланган. А‑тын айтуусунда «Манас» эпосунан «Манастын Көзкамандардан көргөн жамандыгы» (5 500 сап ыр), «Чоң казат» (3 663 сап ыр) эпизодунан үзүндү жазылган ж‑а анын айтуусунда «Үргөнч» деген ат м‑н «Семетейден» үзүндү өзүнчө китепче болуп жарык көргөн (1941). «Семетей» б‑ча жазылган материалдары «Манастын» төрт томдук курама вариантын (1958‑60) чыгарууда толук пайдаланылган.