АККУМУЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(лат. accum.ula.tio – чогултуу, топтоо) геологияда – геол. процесстердин таасиринен талкаланган тоотектердин жана ми­нералдык заттардын, орг. калдыктардын жер­бетине же деңиз, көл, суу түптөрүнө топтолу­шу. Алардан кийин диагенездин натыйжасын­да катуу чөкмөтектер пайда болот. А‑нын жа­нартоо жана чөкмө (седиментация) деген негизги 2 түрү бар. Чөкмөлөрдүн деңиз түбүндө топтолу­шун субаквалдык А., кургактагысын субаэрал­дык А. деп аташат. А‑нын топтолуу орундары менен пайда болуу себептерине байланыштуу де­ңиз, көл, өзөн, шамал, мөңгү, органоген А‑сы болуп бир нечеге бөлүнөт. А‑нын натыйжасын­да аккумуляциялык рельеф пайда болот.