АККОЗИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Имиль Акунович (1945‑ж. т., Чүй обл., Кант ш.) – электроника жаатында адис, техника илимд. доктору (1999), проф. (1993), КРдин билим берүүсүнө эмг. сиң. кызматкер. ФПИни (1968), Москвадан МТЖОЖдун аспирантурасын бүтүргөн (1977). Окутуучу, ка­федра башчысы, ФПИ, КМКТАУ, КРСУнун про­ректору, КРдин премьер‑министрлиги аппара­тында социалдык‑маданий жактан өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, КРдин Прези­дентинин кеңешчиси (2001‑2005). 50дөн ашык ил. эмгеги, анын ичинде 2 монографиясы жарык көргөн. Алар оптикалык эске тутуучу түзүлүштөрдү иштеп чыгууга арналган. Даңк медалы менен сый­ланган (1999).
Эмг.: Оптические накопители цифровой информации (в соавторстве). Б., 1993; Акустооптика и голография: совместное применение для хранения и обработки информации. Б., 2001.