АКАК КИСЛОТАСЫ
23:02, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (Kadyrm moved page АКАК КИС ЛОТ АСЫ to АКАК КИСЛОТАСЫ without leaving a redirect) тарабынан жасалган версия
НООС – СН2 – СН2 – СООН эки негиздүү орг. к‑та. Түссүз кристалл, эрүү t 182,8°С, сууда, спиртте, эфирде эрийт. Күрөң көмүрдө, акак чайырында, өсүмдүктө кездешет. Малеин к‑тасын гидрлөөдөн ж‑а акак чайырын кургак буулантуудан алынат. Эки негиздүү к‑таларга мүнөздүү реакцияларга кирет. А. к. полиэфир чайырларын, боёкторду, инсектициддерди, дары‑дармектерди, кээ бир пластмассаларды, фотоматериалдарды алууда ж. б. колдонулат.