АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:12, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР – театр өнөрүн өнүк­түрүүдө ийгиликтерге жетишкен театрларга бе­рилүүчү ардак наам. 1909‑жылдан бериле баш­таган. Бул ардак наам алгач Москвадагы Чоң ж‑а Кичи театрларга ыйгарылган. А. Малдыба­ев атындагы Кыргыз улуттук опера ж‑а балет теат­рына (1959), Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улут­тук драма театрына (1971), Кыргыз мамлекеттик орус драма театрына (1989), Ош өзбек драма театры­на (2005) Академиялык театр ардак наамы берилген.